super.kg logo

Окуучунун апасы мугалимди класстан жулкулдатып чыгарган окуя. Чырдын анык себеби эмнеде? (видео)

 

2019-жылдын 17-декабрь күнү Бишкек шаарындагы №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган чакан видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайы айтылган болчу. Анда окуяга "окуучунун апасы күнөөлүү" деп айткандар, ошол эле учурда "мугалим окуучунун сураган буюмун берип койсо, азыркыдай чырга жол берилбейт болчу" дегендер болгон. Видеодо окуучунун апасы мугалимди колдон тартып, директорго алып баруу үчүн класстан алып чыкканын көрүүгө болот. Аталган окуяны чагылдырган видео тарап кеткенине байланыштуу окуучунун апасы Шахзада Авсаматова бир тараптуу каралоого кабылганын айтып, SUPER.KG порталына кайрылды.

“Окуя болгон учурда мен адаттагыдай үйдө балам менен олтургам. Кызым Умай эки мектепте окуйт. Кызымдын бул жактагы сабагы саат 14:00дө бүтүп, адаттагыдай П.Шубин атындагы балдар музыкалык мектебине барышы керек болгон. Тилекке каршы, ал күнү окуя таптакыр башкача нукта орун алган. Кызым сыртка кийип чыга турган бут кийимин класстан алуу үчүн мугалимден уруксат сураганда, аны алууга уруксат берген эмес. Кызым үшүп, бут кийимин ала албай турган. Мугалим ал жерде “2-сменада окуган окуучулар классты кечиктирип бошотту” деп жатат. Бул жерде мен айтар элем, окуучулар биринчиден жөндөн-жөн эле классты кеч бошотпойт. Ал жерде окуучуларды көзөмөлдөгөн мугалим болот. Мындан улам "3-смена баштала турган учурдун убактысын кайсы мугалим алган?" деген суроо бар. Ошондуктан айтылган пикирди мугалимдин калпы деп эсептейм", - дейт Авсаматова.

Бул окуядан улам Авсаматова мугалимдердин жеке өзүнө нааразычылыгы бар экенин дагы кошумчалап өттү. Айтымында, ал мугалимдерден тактыкты жана актыкты талап кылып, мектептеги кээ бир маселелерге кийлигишип, көзөмөлгө алып келген. Биз социалдык тармактарга тараган видео тууралуу окуучунун апасына "балким, балаңызга эне катары жан тартып жаткандырсыз, видеого түшүп калган абалга сизди эмне түрттү?", "мугалим менен жекече сүйлөшүүгө мүмкүн болбодубу?" деген суроо узаттык. Ал “мугалимди тартып, директорго алып чыгууга, өзү мажбур кылды” деп жооп узатты.

Айтымында, ал мугалимге эки жолу акырын сүйлөп, директорго барууга чакырган, бирок ал ордунан козголбой, тоготпогондой мамиле жасаган. Мындан улам окуучунун апасы мугалимди колдон тартып мажбурлоо жолу менен директорго алып барууга аргасыз болгон.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу окуяга катыштыгы бар мугалим Гүлфиза Мамытбековадан комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Ал камерадан тышкары маалымат берип, окуя тууралуу пикир билдире албастыгын билдирди. Мамытбекова бул жагдайды учурда тергөө жүрүп жатканы менен байланыштуу экенин айтып жана анын укугун окуучунун апасы тебелегенин, мындан улам комментарий бере албасын айтты.

Ал эми №95 мектептин директору Айгүл Шимова окуучунун апасынын мугалимди колдон алып директорго алып келгенин туура эмес деп эсептейт жана мугалимдин классты таштабай окуу процессин улантканын туура деп баалайт. Айтымында, ал окуучунун апасы менен жакшы тааныш жана ал жеке директорго келгенде маселе мындай ырбап кетмек эмес.

“Албетте, бул окуяда окуучунун апасы эне катары ачууланды. Мен аны түшүнүп турам. Окуучунун апасы менен мектепке директор болуп келгенден бери жакшы таанышмын. Биз аны менен бир нече жолу жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Анткени анын башка суроолор боюнча дагы маселелери болуп, биз аны сыртка чыгарбастан, чууга жеткирбей эле өз ара чечишкенбиз.

Азыркы учурда окутуучуга жана ошол күнү коридордо нөөмөттө турган мугалимге дагы эскертүү берилди. Мугалим чыгуу учурунда гана бут кийимди ала турганын эскерткен. Окуучунун апасы эмнеге мугалимди сүйрөп директорго алып келүү аракетин көргөнү түшүнүксүз. Ал мугалими жок эле өзү келгенде баланын бут кийимин, балким, өзүм алып бермекмин. Анткени ал учурда мугалим сабак өтүп жаткан", - деди Шимова окуя тууралуу.

Учурда аталган мектепте көп окуучу билим алгандыктан, балдар үч смена менен окушат. Аталган окуя көпчүлүк ата-эне жана окуучуларга сабак болгонун, окуяга тиешелүү мугалимдерге эскертүү берилгенин мектеп директору айтып өттү. Бирок бул эскертүү чын эле маселени чечкенге бөгөт боло алабы аны эч ким айта албайт.

Эскерте кетүүчү жагдай, буга чейин аталган окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү тараткан. Анда министрлик эненин жүрүм-турумун айыптап, мугалимге ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Маалыматта министрлик Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте атайын комиссия түзүп, №95 мектепте орун алган окуяны кылдат иликтей турганын билдирген.

Окурман, окуя тууралуу тараптардын айтканын толук түрдө видеоматериалдан көрүңүз.






№95-мектептеги окуучунун апасы менен мугалимдин чыры: Күнөө ким тарапта?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Батыр Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
16.01.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
болушчаактын баласы ыйлаак деген накыл соз бар элибизде бизге ата энебиз болушкан эмес и айтып арызданып дагы келбечуубуз бара бара ата энеси урса баласы сотко бере турган мезгил келет окшойт
16.01.2020. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Биз токмок жеп чонойгонбуз мектепте.Дискотекага барсак темир менен сабачу.Азыркылар соз которо албайт.Тарбия начар уйдо.Бир нерсе болсо мугалим куноолуу дайыма.
16.01.2020. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
JaneEr,оа бизди деле урушуп эле окуткан эжекелер. Арызданбайт болчубуз. Азыркылар эле "болушчаактын баласы ыйлаак" болуп...
16.01.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мугалимли судуроп чыкыдай ким бул??? Тем боле сабак буткондо аласын деп эскертуу берсе. Мектептин ичи ыссык Бишкекте тонуп турду дейт. Просто кызын ботинкасын унутуп кеткени сенин планына не вписалась и все! Башка мектепте окууса жетишьей атсан башкалар сен ойлогондой болуш керекби. Сенин балан бала башкалардын сабак окуп аткан балдары малбы. Директор айтып ататго башка проблеммаларыда болгон деп. Вечно недовольная мамаша экенда.пускай бейбаштык беренеси менен иш козголсун. Башка кыйындарга саба
16.01.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ким биринчи тажаалданып суйлосо ,ошонуку чын болуп калат негедир. Апасы мугалимди суйрогонго эч укугу жок. Кызын тыйсын биринчи
17.01.2020. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
katerina.li,кызын эмнесин твйат жаман нерсе кылбаса, любой жерде тушунуу менен иш кылса болмок, убакыт деген баарына кымбат да эшикте жон туруп убакытын откоргусу келбейт эч Ким башка мектебине кечигип жон турганча кийип кетирип койсо ашып кетсе 10мин кетет ко
16.01.2020. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мугалим кызга "акырын кирип алып ал" деп койсо эле болмок. Бир мүнөт убакыт кетет эле. Ушунча маселе жаратпай
16.01.2020. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Я ботом кой антпениз эже бир аз болсо да сиздин баланызга сизден кийин тарбия берип жаткан адаиды сыйланыз
16.01.2020. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мугалимди коргогон мыйзамга муктажбыз!
16.01.2020. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Апасы да кызы да окшошгон докчу экенда.. Мектептин ичи жылуу болсо кантип тонот, ушуйт. Бут кийимин бербей, колунан жетелеп мектептен чыгарып койсо бир маселе эле. Мугалимдерди коргошубуз керек и так алардын айлыгы аз, жумушу оор. Ушинте берсенер Мугалимдердин баары мугалимдиктен баш тартса, ушуга окшогон мал ата энелер окутабы? Ошондуктан ар бир ата эне оз балдарынарга тын болууну, тартиптуу, адептуу болууну уйроткуло.. Бир нерсе болсо эле мугалимге сокку жасабастан!
17.01.2020. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LASTO4KA_1,эч кандай аз эмес или стлердики аз болсо болгондур биз жакта норм.алышат и муналим деген чем Ата эмнеге Караганда сабырдуу и жаман соз оозунан чыкпаган психолог болуш кк.
SUPER.KG видео
16.01.2020. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2жактыкы тең туура эмес, мугалим уруксат берип койсо болмок, апасы мугалимди окучуулардын еөзүнчө басынтып, сабагына жолтоо болгону туура эмес деп эсептеймин
SUPER.KG видео
16.01.2020. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вообще тартиби жок аял экен балдардын психологиясына травма берип доскадагы кыздын журогу тушту! ОЗУ коруп уялып атат экенби? Бул туура эмес керек болсо тартиби катуу мектептерде кыйшайганга болбойт! Сабак бутсун кут дептир кутуп керек! Кыйынчылык убакта ак койнок кийбесе кирдесе чач тырнак оссо доскага салып уят кылат эле! ОБЩИИ линейкада ортого чыгарганын айтпайын! Кыздардын битине чейин текшергеничи?! Бул аял буга чейинде проблема создавать этип жургон калганы тушунтууда!
SUPER.KG видео
16.01.2020. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда баары бар, кийимин кир же ак койнок жок деп ортого салсынчы эмнелер болуп кетет?!
SUPER.KG видео
16.01.2020. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Директор да белгилеп отуптур го.маселеси болуп,сыртка чыгарбай бутургонбуз деп.демек чырга жакыныраак аял го.
Бизди деле согуп,сабап эле окуткан.ата энебизге арыздансак,жакшы болуптур,жакшы кылыптыр дечу.
SUPER.KG видео
17.01.2020. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уяты жок катын
17.01.2020. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ошо ботинкени берип койсо болмок да мугалим кичине кызды ушутпой,бизди деле урган соккон дегендер ал заман отуп кеткен,эми урбай сокпой эле жакшына окутуш керек окуучуларды.
SUPER.KG видео
17.01.2020. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уруп могут окуткан деп жон эле устундо коментарииде, ал заман башка элдериде неграмотный болчу Оз укугун билбейт ошон учун артынан барып мугалимге эмне деп айтарын билчуу эмес.Азыр баары окуп бир кесиптин ээси болгонго умтулушат, и бул Ата эне суйлогон создорунон эле Байкал кк громатная экен, баланы денсоолугуна зыян келтууруго эмнеакысы бар мугалимдин, ооруп калса башы оорубайт да мугалимдердин баякы эле Ата энесине тушот туйшук. Негизи эле азыр любой жерге киргенде кыргызча талап кылыш кк биз
SUPER.KG видео
17.01.2020. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр мугалимди окуучулар тоготпой калды.Коркуу,уялуу,сыйлоо деген сезимдер жоголуп баратат.Ушул балдар чонойгондо кандай болот.
17.01.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдердин баарын эле жакшы деп айта албайм.Аксыдагы Кум айылынын Кочконов мектебинин мугалимдери кыздарды оозго алгыз создор менен урушат ж.п,жер копкондо коптунор,силердин фигуранар катындыкына окшош силердикине Караганда меники сонун фигурам деген сыяктуу создорду айтат.Директору динге Отто каршы мечитке барган балдарды урушат
17.01.2020. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,туура айрым мугалимдер бар ошондой оозуна алы жетпеген.бир кумалак бир карын майды чиритет деген ошода
17.01.2020. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо азыркылар шумдук да кичинеле бир нерсе болсо паника чыгарып киришет.Биз мугалимибизден кадимкидей келтек жечубуз,хотя кыз бала болсок да аячу эмес.Эсимде ортон манжасында кызыл коздуу шакеги болчу,сабак аткарбай барсак же кеч калып кирсек ошол шакеги менен бешенебизге донкулдатып доскага турткулочу:)Бирок ошончо болсо да ата энебизге арызданып келчу эмеспиз.Себеби кайра озун жамансын ырас кылыптыр эжекен деп бизди урушчу ата энебиз.Китеп менен да чокуга салчу эжекебиз:)Зато стукач болбодук
17.01.2020. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Африкада элдер кырылышмак тургай сууга, нанга жетпей өлүп жатышат! Жок жерден маселе табасыңар! Мугалим эми тиги окуучу кыздын бут кийимин алып чыгып берип койсо же кирип алып ал деп койсо ушуга жетмек эмес! Тигил апасы дагы жинденди да экиинчи мектепке кечигип жатса кызы.Сабак бүткөнгө чейин күтсө аябай кечигип жатпайбы мектепке. Ашып кетсе 1-3 мүнөт кетмек максимум класстан чыгып кеткенге!Анан мугалим болгону үчүн эле игнорго сала береби? 2-3 мүнөт эмнени чечет сабакта?
SUPER.KG видео
17.01.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалим болсо эмне экен? Мугалим деле жөнөкөй болсо болот адам катары.
SUPER.KG видео
17.01.2020. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура окуучулар кабинетти өздөрү кеч бошотушпайт да. Мугалим окуучуларды кармап турду да класска.
SUPER.KG видео
17.01.2020. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучу кыз бут кийимин алганга келсе эле ээн баш, тарбиясыз болуп калбайт да.
SUPER.KG видео
17.01.2020. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалим өзү тарбиясыз турбайбы. Окуучуну дагы, окуучунун апасын дагы көзгө илбей керсейген неме турбайбы. Мугалим жөн эле качып жаткан жок коментарий бергенден.Директор өзү ушинтип орусча сүйлөп жатса мугалимдер кыргызча сүйлөмөк беле.
SUPER.KG видео
19.01.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jon ele but kiyimin berip koibobu tireshpei bala menen bul mugalim
SUPER.KG видео
22.02.2020. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут кийимди берип коюу ушунчалык кыйынбы? Мен бул жерде мугалимди эле куноолойм. Бир кыз буюмун алганы учун сабак узгултукко учурабайт.
23.02.2020. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин ата-энебиз жер тырмап, мал багып эле бизди уйдон окуубузга жардамдашууга убактылары жок эле. Анан мектепте начар бааларды алчубуз. Кээде мугалимдер указка менен сабачу. Кийин студент болгондо ошол тушунбогон сабактарды карап чыктым. Баары элементарный эле конугуулор экен, бирок мугалим эмнеге ушуну аткара албайсын деп эле сабай берчу. Анын ордуна акырын тушундурсо туура болмок экен. Биз даттанып барчу эмеспиз, сабактан дагы кача алчу эмеспиз, кунуго келтек жеп келчубуз.
Чыр деле чык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: