super.kg logo

Чек арадагы Максат айылында 25 жыл жашаган айыл башчы: "Бишкекке келип "жашоо кандай сонун!" деп жатам"

 

Cапарали Адинаев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын башчысы. Максат айылы Тажикстандын Согди облусунун Очкала айылы менен чектешет. Эки эл ортосунда жер, суу, жайыт таштанды дагы башка маселелер боюнча чыр улам-улам чыга берерин айылдыктар айтып жүрүшөт. Акыркы учурларда бул чыңалуу күч алып жатканын Адинаев 15-январда Бишкекте чек ара көйгөйү боюнча өткөн митингде айткан. 16-январда өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда Баткенде координациялык кеңешме өтүп, анда Адинаевдин митингге катышкандыгы боюнча кеп болгонун "Турмуш" басылмасы жазып, анын видеосун жарыялады. Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айыл өкмөт башчысынан айыл башчынын митингге катышкандыгы боюнча сураган. Айыл башчы Адинаев эмгек өргүүгө чыкканын, дарыланганы Бишкекке кеткенин айткан.

"Сизге тапшырма, Адинаев дарыланып келгенден кийин элди дүрбөлөңгө салып аткан жетекчилер бар, ошолор боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго сунуш бериңиз. Мамлекеттик саясатка, президенттин саясатына каршы чыккан жетекчилер болбойт, кандай чара көрөсүңөр карап чыккыла", - деди Жеңиш Разаков.

SUPER.KG порталы айыл башчы Сапарали Адинаев менен кыскача маек куруп бул тууралуу оюн укту. Мындан тышкары, чек арады абал боюнча айткандарын укту.

Адинаевдин айтымында, ал Бишкек шаарындагы музыкалык мектепте уулу окуйт. Баласы ооруп калгандыгына байланыштуу ал борборго келген.

"Жөн келген жокмун Бишкекке келе жатканда айылдын тургундары биргелешип, Жогорку Кеңештин депутаттарына, тактап айтканда Жанар Акаевге кат жазганбыз. Анда чек арадагы абал курч болуп жатканы, анын үстүнө Максат айылында эч кандай жеңилдетүүлөр жок экендиги жазылды. Айылда жумуш болсо, инфраструктурасы жакшы болсо, чек арадагы оор кырдаал болуп турганда бир тараптан ошол жеңилдиктер бизге күч бермек. Ошол катты көтөрө келдим. Анан митинг болорун угуп, оюмду, андагы көйгөйлөрдү айтайын деп ага катышып калдым. Бирок кеңешмеде бул аракетим сындалды. Кандай болсо да мен чындыкты айттым", - деди ал.

Сапарали Адинаев Максат айылында 13 жылдан бери айыл башчы. Өткөн жылы анын Тажикстандын чек арачылары менен кармашып жаткандагы видеосу интернетке тараган. Анда чыр Максат айылында базар курулуп, Тажик тарап буга каршы болгондон улам келип чыккан. Адинаевдин айтымында, чек арадагы айылда мындай кагылышуулар кайталанып тургандыктан ага туруштук берүү үчүн көп күч, туруктуулук керек. Тажик тарап менен болгон ызы чууларда дайыма активдүүлүгүн көрсөткөндүктөн аны коңшу жашаган тажиктер жакшы тааныйт жана аларды Адинаевдин каршылыктары кыжырдантат.

"Бир нече жолу келип, курал такап коркутуп кеткен учурлар да болгон. Мындан улам алар биздин өлкөнүн ичиндеги жаңылыктарды акмалап турат. Өз ара каршылашуу, териштирүү иштерин жүргүзсөк, алардын чырагына май тамат. Айылда 269 кожолук бар, абал кооптуу болгондуктан айыл эли интернетте бир группа түзгөнбүз, ошол жакка жаңылыктарды, күнүмдүк маалыматтарды бөлүшүп турабыз. Менин артымда айылдын 700дөн ашуун жашоочусу келечектеги тынч жашоого ишенип турат. Мен алардын ишеними үчүн да бул аракеттеримди улантам. Антпесе ызы-чуудан чарчадык", - деди айыл башчы.

"Чек ара" коомдук бирикмесинин юристи Асхат Осмонов Адинаев митингге эмгек өргүүсүндө жүргөндө катышкандыгын, бул эч кандай мыйзам бузуучулук эмес экендигин билдирди.


кошулду





Чек арадагы айылдын башчысы митингге катышты. Ага кызматтык иликтөө болобу?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(21)
17.01.2020. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Чыдагыла Мекендештер. Чек ара учун мен барганга даярмын.
17.01.2020. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
souza.j,деген менен көп нерсе элдин өзүнөн көз каранды. Ошол жерде канча кылымдан бери тажиктер менен чогуу чараан жашап келгенбиз. Экинчиден 2015-17 жылдар миграция агымы күч алган. Элдин азайышы жери аз тажиктердин көзүн кызартпай койбойт. Ошондуктан эми дал ошол чек арадагы айылдарга иш орундарын түзүү керек.учурда таштанды кайра иштетүүчү ишкана жаңы ачылып жатат.Эн башкысы элдин сүрү баарынан күчтүү. Алдуу күчтүү жигиттер турганда даап эч ким келе албайт.
18.01.2020. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Absamat-90,Миграция койгойу Тажикстанда да бар, алар да жыргаган жери жок. Алардын бизден айырмасы чек арадагы орайондоруна озгочо статус берилип жергиликтуу калкка ар турдуу женилдиктер берилгенинде. Бишкекте жылуу креслодо олтуруп алып Баткендеги чырга Баткендиктерди куноологон опоной албетте. Баткенде чыр чыккан сайын официалдуу Бишкек кайдыгерлигин корсотот, аны карап отуруп Бишкеке Баткен кереги жоктой ой келет. Мамлекеттик денгээлде чечиле турган маселеге айыл окмотту куноолошту.
18.01.2020. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
souza.j, Бмр гана сабырдуулук!Баары сүйлөшүү жолу менен гана чечилиш керек
18.01.2020. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чек ара чыры Мадумаров тажиктерге өткөрүп берген 275 метр жерде болуп жатат. А бирок тажиктердин ал жерде 1 метр да жери жок ал жер биздики тажиктер болсо протоколго таянып жатат!!! Мадумаров чыккынчылык кылып азыр актанып жатканы өкүндүрөт. Бул айткандарымды Мадумаровтун ХХХХ жактырбай болушунча минустайт бирок бул ачуу чындык!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-20 09:56:29
19.01.2020. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alimbek1000,мен кошулам сага мадумарга окшогондор кыйнады элди элдик сот болсо экен ушуларга
18.01.2020. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
souza.j,ушул кишиге окшоп качып келбе сен да.
17.01.2020. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Сапарали Адинаев сиз элдин уулусуз, коркпоңуз артынызда сизди коргоп алар элиниз бар. Сиздей мекенчил патриот элин жерин ойлогон чоңдор болгондо бөтөн элге жем болбой тез өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет элек. ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-20 09:43:27
18.01.2020. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zzz---zzz, Eliniz turat deisiner elibizge dele ishenbesh kerek satylma bolup kalgan El jurt dele azyr, bul kishini kamap koiso echkim eshteke Kyla albait kalp ele soz menen urdura bermei bizdikiler.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-20 09:46:24
17.01.2020. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Жанагы жениш разаков деген немени ушул айыл башчынын ордуна алпарып ошол айылга чегараны кайтартып жашатып коюш керек экен,анан корот эле чындыкты айтып чыкканды жоопко тартканды.
18.01.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arlмenchik, жоок аны чек арага жолотконго болбойт
17.01.2020. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эгер бийликте иштесен демек мыйзам бойунча чындыкты айтпай президенттин камчысын чап журо беришин керек экен да .
18.01.2020. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туруу жаман ызы чуу чег ара менда баткенден чегарадан болом.бирок ошентип кочуп кеткендер 2000.2005 жылдары уйлорун таджикьергеда сатып бергендерда болгон ошого чечкинсиз чегара бири кыргыздын уйу болсо экинчиси таджиктин анан конечна чечиш кыйында
18.01.2020. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев Бакиев отунбаева Атамбаев кыйын экен чечип кетпейби эле 30 жылдан бери эгер Жээнбеков чек ара чырын чечип кетсе анда тарыхта алтын тамгалар менен калып калат
18.01.2020. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
chake,3 жылдан бери чечпеген эми чечмек беле.тундук-туштук альтернативтик жолу бутсо кудай буйурса Атамбаев тарыхта алтын тамгалар менен калат
18.01.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Altyn.bala,
Эч качан "Алтын тамга" менен сиз айткан адам калбайт.
Ал жол Курманбек Салиевичтин долбоору болчу.
Алмазбек Шаршенович тарых беттеринде эн акылсыз,мамлекетти тоногон,алдамчы адам катары калат.
Тышкы карызды кобойтуп салды.Келген кредиттерди максатсыз пайдаланды.100 млндук мектепти 420 млн сом жумшалды деген создор Атамбаевдин учурунда гана болду.
Тарых музейин ондоо иштери учун эле 1 миллиард 600 миллион сом кетти.
Уят го баарын коруп би
18.01.2020. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айыл башчыга эмес лысыйдын өзүнө чара көрүш керек ко бул жерде.
18.01.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бишкекке келип жашоо жыргал дебей ошол жерде аз болсо да айыл башчысы катары чек араны чечкенге жардам бербейби?
18.01.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Jaznura,отуруп алып былжырай берет экенсинда.жогору жактагылар жарытып чече албаган,айыл башчынын созу арык аттап суу кечпнйт Адинаев молодец.Тиги Жениш Разаков деген отставкага кетиш керек
18.01.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен президент, окмот башчы, спикер,депутаттарга тушунбойм неужели бир кишини жумуштан алып койуш кыйын бир адамдан жалоб тушсо да ладно бир айыл кыйкырып турса дагы деле ордунда олтурат ал эмне ушундай алмашкыз адамбы?эмнеге карапайым адамды бир адамдын жалобы менен жумуштан кетирет эмне бул олтурат ордунда?Орустар айтат незаменимых нет деп толтура жаштар бар иштейтурган Жеништен башка да депутатар чыкпайсынарбы эмне тилинерди жутуп алдынарбы.
19.01.2020. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлоймун Адахан куноолу болсо аны азыркы бийлик сайратпай эле алпарып камап койсо керек,бул жерде башка проблема барго деймин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: