Сузакта иске ууланып, келин эки баласы менен каза болду. "Маркумдардын дайыны билинбей 1 жарым күн жатып калышкан" дейт райондун акими

Сузакта келин балдары менен иске ууланып каза болду. Бул окуяны Сузак районунун акими Эрмек Ормошов тастыктап, SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат берди.
"Келин 1986-жылы туулган, мектепте пол жуугуч болуп иштечү. 19-январга караган түнү мешке көмүр салып, эки баласы менен эшикти бекитип укташкан. Эртеси кошуналары эшигин тартып көрүшсө бек болгондуктан, конокко кеткен го деп ойлошкон. Дүйшөмбү күнү тактап айтканда, 20-январда балдар да, апасы да мектепке барбаганынан улам кайра үйүнө издеп келишкен. Эшигин ачып, 5 жана 7 жашар баласы менен келиндин жансыз денесин табышкан. Тергөө органдары алардын эмнеден улам каза болгонун иликтеп жатышат. Болжолдуу түрдө мештин оозу ачылып, алар иске ууланып каза болгону айтылууда. Келиндин жолдошу Орусияда иштечү ал келип, бүгүн, 22-январда келинди балдары менен жерге бердик", - деп билдирди Эрмек Ормошов.
Сузакта 33 жаштагы келин 2 баласы менен иске ууланып каза болду





1 |