super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер: "Кыргыз мамлекетиндеги турмушка нааразы болгон тараптар болсо, Памирге бир жумага жолдомо алып бериш керек"

 

"Кыргыз мамлекетиндеги турмушка нааразы болгон тараптар болсо, Памирге бир жумага жолдомо алып бериш керек" деп бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров билдирди.

"2012-жылы дүйнөнүн чокусу аталган Улуу жана Кичи Памирдеги боордош этникалык кыргыз элинен кабар алганбыз. Андан бери бир топ жыл өттү. Колго аларлык жумуш болуп жатат десем жаңылышпайм. Бүгүн аз да болсо үй-бүлөлөрдү көчүрүп келип, алар жайгаштырылып жатат. Кыргыз мамлекети кыргыз элинин кайсы жерде болсо дагы оор учурда кол сунуп жардам бере ала турганын көрсөттү. Ал жердеги жашоонун оордугу, кыйындыгы маалымат каражаттарынан, тарыхый барактардан көрүнүп турат. Кыргыз мамлекетине нааразы болгон тараптар болсо, ошол жерге бир жумага жолдомо алып бериш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, турмушка жана башкага көз карашы өзгөрөт", - дейт Бакиров.






Вице-спикер: "Өлкөдөгү жашоого нааразы болгондорду Памирге жөнөтүү керек"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: