super.kg logo

16 жаштагы кызды сойкулукка мажбурлаганга шектелгендер 2 айга камакка алынды

 

Бүгүн, 23-январда Ленин райондук сотунда өспүрүмдү сойкулук кылууга мажбурлаганга шектелген кыздардын баш коргоо чарасы каралды.

Анда 1996-жылы туулган К.А., 1987-жылы туулган Н.М. жана 1996-жылы туулган Д.З.нын баш коргоо чарасы каралды.

Ленин райондук соту аларды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Окуянын чоо-жайы:

2019-жылдын 21-ноябрь күнү Ленин РИИБине М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү сураган арыз түшкөн. Арызда ал 2003-жылы туулган Р.Н. аттуу жашы жете элек, оорулуу сиңдисине карата күч колдонуп, каалоосуна каршы притондо 12-ноябрдан бери иштөөгө мажбурлаганы жазылган. 23-декабрь күнү арыз менен кайрылган жаран дагы арыз жазып, 2003-жылы туулган сиңдисин 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында бейтааныш 2 адам белгисиз унаага салып Бишкекке алып кеткенин айткан. Аталган фактылар Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 166-берене (Сойкулук кылууга тартуу) жана 170-берене (Киши уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






16 жашар өспүрүмдү сойкулукка мажбурлаганга шектелгендер 2 айга камакка алынды

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.01.2020. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай нерсеге катуу чара колдонгула. Башкаларга да сабак болсун.
23.01.2020. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
japjash ele kizdar eken
SUPER.KG видео
24.01.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазасын катту бериш керек бул Акмактар канча кызды сатып кордоп журушту белгисиз! Арам акча озунордун тешчу жеринерди тешип чыксын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: