Аскар Сыдыков: "Салык төлөгөн ишкерлер соттон адилеттүүлүк таппай жатышат"
Бүгүн, 12-февралда Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйыны президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтүп жатат. Анда жеңил өнөр жайын жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү боюнча пикирлер айтылууда.
Инвестицияларды коргоо жана ишкердиктин субъектилеринин укугун камсыздоонун абалы жөнүндө аталган комитеттин төрагасынын орун басары Аскар Сыдыков баяндама жасады. Ал ишкердиктеги негизги тоскоолдуктар жана көйгөйлөр тууралуу маалымат берди. Айтымында, бул чөйрөдө дагы коррупциянын тамыры кулачын кенен жайган.
"Көп учурларда салык төлөгөн ишкерлер сотко кайрылат, бирок алар адилеттүүлүк таба албай келишет. Орто эсеп менен 80 пайыз соттордун чечими мамлекеттин пайдасына чечилсе, 20 пайызы гана ишкерлердин пайдасына чечилген. Алар ишкерлердин кызыкчылыгын дагы коргоп, колдош керек да. Мамлекетке өгөй баладай болуп калдык. Бизди тилдешет, түрдүү талаптарды коюшат бирок эч ким жардамга колун сунбайт. Бул жерде эң көп жапа чеккендер салык төгүүчүлөр", - деди ал.
Президент дагы ачууланды: “Чөнтөк толтуруп жатасыңар, жыйынтык көрсөтпөйсүңөрбү!”
