Айдар Акаевге куран окутуу үчүн Майрам Акаева Кыргыз өлкөсүнө келгени айтылууда
Социалдык тармактарда экс-президенттин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келгени, ал Кемин районунда каза болгон уулу Айдар Акаевге куран окутаары айтылууда. SUPER.KG порталы Кемин райондук администрациясына байланышканыбызда жакын арада Айдар Акаевге куран окутуу болбой турганын билдирди.
Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Майрам Акаева Бишкекке келди деген маалымат калп экенин билдирди.
"Баштарына кара күн түшүп жатса, ал адам кайдан келмек эле? Айдар Акаевдин сөөгүн жерге берүү зыйнатында Москвадагы диаспоранын өкүлдөрү "Айдардын кыркылыгын өз мекенинде өткөрүш керек" деп жатышты. Ал гана эмес, аны уюштуруу иштерин дагы башташкан. Кыргыз жигиттер Аскар Акаевди дагы Кыргыз өлкөсүнө келүүсүн айтышкан. Бирок Аскар Акаев "баламдын өлүмүн жамынып кантип барам" дегендей кылган. Менин оюмча, Аскар Акаев келет. Айдар Акаевдин кыркылыгы март айынын 15терине белгиленген", - деди Үмөталиева.
Эгер Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө келсе кандай болот деген суроо менен Башкы прокуратурага кайрылганыбызда, алар суракка чакыртылат деп билдиришти.
"2005-жылдагы Март окуясынан кийин Акаевдин жана анын айрым жакындарына карата кылмыш иштери козголгон. Мындан улам алар Кыргыз өлкөсүнө келсе, анда суракка чакыртылат", - деп жазылат маалыматта.
Айдар Акаев 43 жашында 6-февраль күнү жүрөк оорудан улам каза болуп, 8-февралда Москвада жерге берилген.
Айдар Акаевдин кыркылыгын Кыргыз өлкөсүндө өткөрүү сунуштары айтылууда




1 |