super.kg logo

Майрам Акаева Кыргыз өлкөсүнө келди деген маалымат чындыкка дал келбейт

 

Жергиликтүү басылмалардын бирине жарыяланган Майрам Акаева Бишкекке келди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

"Майрам Акаева Кыргыз өлкөсүнө учуп келди деген маалымат "TUZ.KG" сайтына жарыяланган. Аталган кабар чындыкка дал келбейт. Майрам Акаева кыргыз чек арасынан өткөн жок", - деди маалымат катчы.

Бүгүн социалдык тармактарда экс-президенттин жубайы Майрам Акаева Бишкекке келгени, ал каза болгон уулу Айдар Акаевге Кемин районунда куран окутаары айтылган. Кемин райондук администрациясы жакын арада Айдар Акаевге куран окутуу болбой турганын билдирди. Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Майрам Акаева Бишкекке келди деген маалымат калп экенин айткан.

Айдар Акаев 43 жашында 6-февраль күнү жүрөк оорудан улам каза болуп, 8-февралда Москвада жерге берилген.






Айдар Акаевдин кыркылыгын Кыргыз өлкөсүндө өткөрүү сунуштары айтылууда

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
12.02.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанга келе албайт го! Келсе эле камалат да. Эл майрамдын бетине тукурот болучу.
13.02.2020. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek.,туура айтасың күйөөсү Аскардын да жолдон чыгарган ушул адам бүтүндөй кыргыз элин отургузган да ушул аял
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: