super.kg logo

"Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алган деген Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык экени айтылды

 

"Diamond Princess" аттуу япониялык круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алган деген Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды деген маалымат анын каютадагы кошунасынан коронавирус табылганына байланыштуу экендиги белгиленет. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги круиздик лайнердеги Кыргыз жараны менен 6-февралдан бери байланышта болуп турганы айтылат.

"Япониянын компетенттүү органдарынын берген маалыматына ылайык, Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык. Дене табы жок, дары-дармектер менен дарылоо жүргүзүлгөн жок. Бейтап атайын көзөмөлгө алынды. Кыргыз жаранынын айтуусунда, ал өзүн жакшы сезип жатат. Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилиги ал жактын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышты туруктуу жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз жараны тууралуу кошумча маалыматтар такталууда.

Ошондой эле, Кыргыз өлкөсүнүн Япониядагы элчилигине Кыргыз өлкөсүнө эвакуациялоо тууралуу кайрылуулар болгон эмес. Элчилик "Diamond Princess" круиздик лайнериндеги Кыргыз жараны менен дайыма байланышта болуп турат, күнү-түнү Япониядагы Кыргыз жарандарына элчиликтин кызматкерлери укуктук-консультациялык жардам берип жатышканы кошумчаланды.

Буга чейин дүйнөгө жайылып жаткан коронавирустун айынан 14 күндүк карантинде турган "Diamond Princess" круиздик лайнеринде коронавирус жуктургандардын арасында Кыргыз жараны бар экендиги аныкталды деген маалымат тараган.






Япониядагы Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алгандыгы маалымдалды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
18.02.2020. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ал круизде эмне кылып жүрдү экен. Эми аман эсен эле болсун.
18.02.2020. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Absamat-90,Акчасы ашып кайда короторун билбеген бироо болсо керек.Же быйыл ырчылар мактанып атышты эле биринен бири отуп чет мамлекетте дем алып журобуз деп.Ошого окшогон бироо болуш керек
18.02.2020. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келтирбеш керек Кыргызстанга абалы мин туруктуу болсоделе бул оору бизге келсе заматта жайылат бут Кыргызстанга озу кичинекей алакандай Мамлекет болсок
talaa11 түзөттү 2020-02-18 12:50:58
18.02.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аты Ким болду экен ошол кызык бизге
18.02.2020. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайда болбосун кыргыздар
19.02.2020. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Baikush kyrgyzdar ishtebegen jeribiz kalbady.Virustu ukkanda ele ketip kalbait belen.Baikush aman esen sakaiyp ket
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: