super.kg logo

Министр: "Сауд Арабиядан келгендер текшерилген эмес деп күнөөлүүнү издебеш керек"

 

Бүгүн, 19-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев журналисттерге коронавирус боюнча бүгүнкүгө карата абал тууралуу маалымат жыйын берди. Анын жүрүшүндө ага "Сауд Арабиядан умрадан келгендер медициналык текшерүүдөн өткөн эмес, бул үчүн ким күнөөлүү, ким жооп бериши керек?" деген суроо берилди.

"Умрадан келгендер Сауд Арабиясында жүргөн кезде эмираттар оору көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирбейт болчу. Жалпы текшерүүнү 1-2-мартта эле баштаганбыз, учактан түшкөндөрдү дароо текшерүүгө алуу, карантинге жаткыруу жарандын келген өлкөсүнө карата жүргүзүлчү. Өлкөлөрдү кайсы өлкөдө оору көп катталып жатат, кайсы өлкөдө аз деп категорияларга бөлгөнбүз. Сауд Арабиясы андай категорияга кирбегенине карабай өзүбүз демилге көтөрүп текшерүүгө алалы дегенбиз. Бул жерде көп баш ийбестиктер да болгон, биз оорусу жок өлкөдөн, ыйык жерден келе жатабыз, тазабыз дешкендер бар болчу. Ага карабастан медициналык көзөмөлгө койгонбуз, антпесек азыр аларды табуу кыйын болмок. Ошол кездеги тартип менен чек арачылар да, медиктер да, айтор, бардык орган иш алып барган.

Бул жерден ким күнөөлүү деп күнөөлүүнү издебеш керек, коронавирус өлкөдөн чыгып жайылып жатса бир жөн, жуктуруп келип жатканын эске алуу зарыл. Андыктан баарыбыз жапа тырмак күрөшкөн туура", - деди министр.






Министр: “Умрадан келгендер дароо текшерүүдөн өтпөгөнүнө күнөөлүүлөрдү издеген туура эмес“

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(9)
19.03.2020. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бизде эмне үчүн ушундай .................шалаакылыктын айынан болуп жатат го, биздин өлкөдөгү көрүнүш!!!!!!!!!!!!
19.03.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
азыр куноолуну издей турган учур эмес. Келген вирусту башкаларга жуктурбооннун аракетин кылуу маанилуу.
19.03.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башка сыноо келгенде бири биринди табалабай баары биригип бир билекке топтолуш керек көрүп жатасынар Итилия Кытайда эмне болуп жатканын
19.03.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Вирустун келиши көзгө көрүнөр иш болуп калган. Баарыбыз аны күттүк го качан бизден чыгат деп. Ошон үчүн баарыбыз айыптуубуз.
19.03.2020. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактап бизге оору акыркылардан болуп тийди.Биз болсо дагы деле даяр эмеспиз
19.03.2020. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биримдик менен гана жеңип чыгабыз бул илдетти!
19.03.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой аларын келип алып ызы чуу салышыптырго ,бизди текшербегиле,биз ыйык жерден келлик,таптазабыз деп. Ушундай кантип болсун?? Тобоо
19.03.2020. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи бул министр кайдыгер болуп койду.
Саламаттыкиы сактоо тармагынын жетекчисинин акылы жетпесе,билбей калдым бизди омурундо 5 кой багып дарылаган адам министр болуп отурабы деп.
Баардык нерсени убагында чечуу керек.
Манас аэропорту менен келишкенби булар,видеосун корсотсонор кпнтип отушконун!
19.03.2020. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Космосбек Чолпонбаев эмнеге ушул кунго чейин корона вирусту аныктоочу тесттерди алган жмессинер.
Болгону 300 даана гана бар экен эле.
Япония 2000 даана берди жардам катары.Жардамды кутуп журо бердинби?
Эртен жасалма дем алдыруучу аппарат жок жетишпей жатат десен тан калбай калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: