"Бюджеттен бир тыйын кетпейт". Каныбек Туманбаев чет элдик артисттердин концерти боюнча билдирди
Чет элдик артисттерди Кыргызстанга чакырууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөйт. Бул тууралуу кечээ, 13-сентябрда Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Инстаграм баракчасынан билдирди.
Анын айтымында, концерттерди жеке компаниялар уюштуруп, казынага каражат түшөт.
"Эми аренанын мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланышыбыз керек. Дүйнөлүк жылдыздарды чакырып, Кыргызстандын туристтик потенциалын көтөрүү зарыл. Шакира боюнча да тактап коёюн, айрымдар "гонорары кымбат экен" деп жазып жатышат. Чет элдик артисттердин гонорарына бюджеттен бир тыйын кетпейт. Аны атайын компаниялар уюштурушат. Бизге ижара акы төлөйт, сатылган билеттен түшкөн кирешеден дагы алабыз. Андыктан, жакшы ниеттерге тилектеш бололу",- деди Туманбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин дүйнөлүк жылдыз Шакиранын Бишкекке келип, "Бишкек Аренада" концерт берери, ырчы менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатканы айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















