Баткен районунун үч айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Бүгүн, 21-мартта Баткен облусунда коронавирусун жуктурган алгачкы учур катталды.
Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына өзгөчө кырдаал тартибин киргизди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюлуп баштады.
Бүгүн, 21-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуктурган дагы 6 жаран аныкталып, өлкөдө бул оору менен ооругандардын жалпы саны 12ге жетти.
Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 12ге жетти
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.