super.kg logo

"90 сомду тапканда берейин деп жалынып, жалбардым". Карызы үчүн электр энергиясын кыркып кетишкенин айткан 70 жаштагы апа ооруканага жатып калды (видео)

 

Интернетте "90 сом үчүн 70 жаштагы апанын электр энергиясын кыркып кетишти" деген видео тараган. Бул видео "Элдик видео" бөлүмүнө да келди. Аны видеодо сүйлөгөн апаны жакшы тааныйм деген окурманыбыз жөнөткөн.

Видеодо айтылгандай, анда сүйлөп жаткан аял Ысык-Ата районунун Дмитриевка дачасында жашайт.

"Мен муктаждыктан ушул абалды силерге түшүндүрүп берип жатам. Жашым 70те, пенсионермин. Колумда жалгыз бой эне кызым бар. Буга чейин электр энергиясына, коммуналдык жана башка кызматтарга төлөмдү шаштырбайбыз деп айтылбады беле. Өткөндө мен Дмитриевканын электр энергиясын текшерген бухгалтерине 500 сомумду көтөрүп бардым, себеби электр үчүн төлөм 411 сом болгон эле. Кийинки айдыкы 195 сом чыгыптыр. Чогултуп ошол 500 сомду берсем 90 сомду да таап келиңиз деди.

Мен "90 сом жок болуп жатат айланайын, эмкиде таап келейин" десем китепче, акчамды кошуп четке коюп койду. Ыза болуп үйгө келдим, эмне кыларымды билбей эле отуруп калдым. Анан электрик бала текшерип келгенде кеспе деп жалынып, жалбардым. Ага болбой кесип кетти. Андан кийин айыл башчы келинге барайын деп ойлондум, ал туура эмес мамиле жасайт деп угуп жүрчүмүн", - деген апа видеодо.

Бизге кайрылган окурман бүгүн, 9-июнда анын ооруканага жатып калганын кабарлады. Буга себеп айылда ага карата басым болгондугу дейт ал.

"Апа менден акча карыз эле, мындай көйгөлөрү болуп жатканын билбей эле үйүнө баргам. Барсам 20 чакты аял топтолуп, апаны айылдан көчүп кет деп коркутуп жатышыптыр, анын жүрөк оорусу кармап "Тез жардам" чакыртылып, ооруканага алып кетишти", - деди окурман.

Андан кийин SUPER.KG порталы апанын чогуу жашаган кызына байланышты. Өзүн Рано Ж. (ред. аты-жөнүн толук жазган жокпуз) деп тааныштырган кызы төмөнкүлөргө токтолду.

"Апамдын жүрөгүндө маселе бар эле, буга чейин эле дарыгерлердин көзөмөлүндө турчу. Кечээ дачанын башчысы, дагы башка адамдар келип электр энергиясын улап кетишкен. Бүгүн эртең менен апамды "болду эми, көңүлүңүздү көтөрүңүз, электр энергиясы күйдү" деп алаксытып жаткам. Өзүмдүн колумда ымыркайым бар, аңгыча дачанын башчысы 20дай аял менен чогулуп келип, апамды эмнеге видеону интернетке таратасың, сени башка айылга көчүрөбүз деп коркутуп кетишти. Апам Советтер Союзу учурунда мамлекеттик мекемелердин соода тармактарында иштеген сабаттуу адам, канча өзүн колго алайын десе да болбой жүрөк оорусу кармап калды. Азыр ооруканада жүрөбүз, апамдын абалынан чочулап жатам", - деди кызы.

Бул боюнча биз дачанын башчысы делген аялга байланышуу аракеттерин көрүп, бирок аракетибиз ишке ашпады. Андан соң Ысык-Ата райондук администрациясына кайрылдык. Администрациядан окуя тууралуу тактап, көзөмөлгө алышарын, ага карата тиешелүү маалыматтарды беришерин билдиришти.

SUPER.KG порталы бул окуяга тиешеси бар делген бардык тараптардын пикирин угуп, жарыялоого даяр.






"90 сом үчүн электр энергиясын кыркып кетишти" дейт 70 жаштагы апа

90 сом үчүн 70 жаштагы апанын электр энергиясын кыркып кетишкен

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
09.06.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толобосон же кем толосон туум тууйт а ашыкча толосон сага кошулуп турбайт
09.06.2020. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Уят уят уят, эч болбосо жашын сыйлап койбопсунар, миллион карызы бар, байлардын уйун эмне учун узбойсунор, айыл башчыга соз жок жардам кылгандын ордуна, иштен алгыла аны, ОЗУ башка ацылга кочуп кетсин
09.06.2020. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошо кимдер капа кылган болсо оздору ошондой болуп калышсын.Канча мактанган кыйындар 2ай карантинде колунан эч нерсе келбей уйуно чыга албай калыштыго.Бугун бар эртен жок кичине кызматка барышса эле асманда журуп калышат
09.06.2020. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
90 миллион карызы барларды кеспейсиңерби, электриктер? Уят, өтө уят! Буйрук берген да, кескен электрик да 70 жашты жашайбы, жашабайбы кудай билет. Алы жетпеген акыретчилдер күчүңөрдү бир кемпирден чыгарыпсыңар. Чындап ачууландым
09.06.2020. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өзүнүн чөнтөгүнөн дале төлөп койсо болмок , 90 сом акча чоң акча эмес ко ?
10.06.2020. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ааламат деген ушул, бириңди бириң жейсиңер, алдуусу алы жок бечараларды. Ыйман,адеп, адамкерчилик такыр нөл болду.акча үчүн бириңди бириң садага чаап кирдиңер. Мындан артык тозок барбы,бүткөнүбүз ушул. Кандай айла кылабыз кыргызды бул тозоктон сактап калганга.
10.06.2020. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошо бухгалтерди жана айыл башчы келинди иштен айдаш керек. Кудай берет силердин жазанарды,ар дайым ушул иште иштеп журо берем деп ойлоп атасынарбы,силер да карыйсынар!
10.06.2020. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанымдын зекети деп 90 сомду өзүң эле төлөп койбопсун бухгалтер!
10.06.2020. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Маалыматты тактап, анан сизге кабар беребиз#. Кутулуунун эң оңой жолу, бул маалымат канча күндөн бери жүрөт, а булардын кабары жок.
10.06.2020. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркутуп, туурасын айткан адамды эмнеге жаман коробуз. Ачык айткан жакшы, айылдан кочуробущ деп, карыганда. Куурап калсын, эки дуйно жарыбай ошол куураткандар
10.06.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин мага эле берчи ошол электр энергиясын төлөп коёюн эки айга вперед, ну ты шакалдар десе, карылардын каргышы тийсин силерге,
11.06.2020. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл башчысы копкон эме го. Эмне, айыл анын атасынан калган жеке менчиги бекен, кочуп кет деп кишини куугандай? Ошол айыл башчысына жана аны менен чогуу барган 20 аялга мыйзам чегинде чара корулушу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: