super.kg logo

Бишкек ШИИБи: "Өрттөн кийин урандылардын алдынан күйүп кеткен белгисиз жарандын сөөгү табылды"

 

Бүгүн, 15-июнда саат 16:05тер чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафе өрттөнүп жатканы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Тергөө-ыкчам тобу, Бишкек шаарынын Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана Кайгуул милициясынын кызматкерлери окуя болгон жерге дароо жөнөп кетишти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тез тамактануучу жайда газ баллону жарылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү бөлүмү өрттү өчүрүп, окуя болгон жерде милиция тарабынан курчоого алынган.

Тилекке каршы, өрттөн кийин урандылардын алдынан күйүп кеткен белгисиз жарандын сөөгү табылган. Учурда анын ким экендиги, туулган жылы жана аты-жөнү такталууда.

Учурда милиция кызматкерлери ошол жерде иштеп жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкектеги кафелердин биринде газ баллон жарылды деген видео интернетке тараган.






Тез тамактануучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
15.06.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде милиция полиция болуп өзгөргөнбү?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: