Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген 20 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген 20 жаштагы жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чечимди Ноокен райондук соту 16-июнда чыгарган. Анда айыпталуучу А.А.нын жактоочусу бул чечимге макул болбой, апелляциялык арыз менен Жалал-Абад облустук сотуна кайрылган. Бүгүнкү күндө аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук сотунун өндүрүшүнө келип түшө элек.
Ушул жылдын 28-январь күнү Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында, 5-февралда шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган.
Ноокенде 10 жашар кызды зордуктаган жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

















1 |