Бишкек-Ош жолунда жол кырсыктан тогуз жаштагы бала каза болуп, беш киши жабыркады (сүрөт)



Бишкек-Ош жолунда жол кырсыктан тогуз жаштагы бала каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-август күнү эртең мененки саат 09:30 чамасында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыга калып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен кагышкан. Анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги 9 жаштагы бала ошол жерден көз жумган. Мындан сырткары жеңил автоунаанын айдоочусу жана кичи автобустун ичиндеги төрт жүргүнчү ар кандай жаракат алышкан.
Токтобүбү Черикчиева, Малик Аликеев “КРнын Эмгек сиңирген артисти” наамын алышты
Автор: Гулзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.