super.kg logo

Бишкекте интернет аркылуу баңгизат саткан топ кармалды (видео)

 

Кыргызстанда интернет аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатып жүргөн трансулуттук топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, алар ишмердүүлүгүн Telegram тиркемеси аркылуу жүргүзүлүп турган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкектеги мейманканалардын биринен кыргызстандык 19 жаштагы Ш.Д., 22 жаштагы К.О. жана 17 жаштагы С.Е. кармалышты. Тинтүү учурунда алардан ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттар табылды. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн биринин жашаган жеринен да баңгизаттын ири өлчөмү алынды.

УКМКнын маалыматына караганда, жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында ири көлөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды таратуу каналы жабылып, интернет аркылуу иштеген баңгизат сатуу түйүнүнүн ишмердүүлүгү токтотулду.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Атайын кызмат ата-энелерди балдарынын интернеттеги жана күнүмдүк чөйрөдөгү аракеттерине көңүл бурууга чакырып, баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн 14 жаштан тарта жоопкерчилик караларын эскертти. Мындай кылмыштар үчүн 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.






Бишкекте интернет аркылуу баңгизат саткан топ кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: