Чуңкурчакта аял киши сабалды
Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда 34 жаштагы аял сабалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 1-июнда туугандары менен ал жакка эс алуу үчүн барган. Жабырлануучу башкалардын урушуп жатканына күбө болуп, аларды арачалоо аракетин көргөн. Деген менен аны бир аял оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, чачынан жулуп, уруп жиберген.
Бардык күбөлөр аныкталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















