super.kg logo
  Саясат  

"Отставкага кеттим". Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө кайрылуу жасады

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Президенттик аппараттын басма сөз кызматы өлкө башчынын кайрылуусун жарыялады.

"Урматтуу мекендештерим!

Борборубуз Бишкектеги коомдук-саясий абал курч бойдон турганын көрүп турасыздар. Аны басаңдатуу максаты менен кечээ Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитип, тиешелүү дайындоолор боюнча мен жарлык чыгарып, кол коюп бердим.

Тилекке каршы, агрессия дагы эле токтобой, менин токтоосуз отставкамды талап кылышууда. Азыркы кырдаал эки тараптуу кагылышуунун болуусуна жакындап калды. Бир жагында митингге чыккандар, бир жагында күч органдары турат. Эки тарап кагылышса, кан төгүлүп кетет. Мамлекеттик резиденцияны коргоо үчүн аскер кызматкерлери, күч органдары курал колдонууга милдеттүү. Эки тарапты тең провокацияга алдырбоого чакырам.

Урматтуу мекендештерим!

Мен бийликке тырмышып калган жокмун. Мен үчүн өлкөбүздүн тынчтыгы, элибиздин бүтүндүгү, коомубуздун ынтымагы бардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү - баарынан кымбат. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт. Ошондуктан мен отставкага кетүү чечимин кабыл алдым. Эми Жапаровду жана башка саясатчыларды өз тарапкерлерин тынч жол менен таратууга чакырам. Элдин тынчтыгына, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетирбегиле. Жараткан Кудайым өзү колдоп, элибизде амандык, жергебизде тынчтык болсун!".






Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганына бүгүн туптуура 3 жыл болгондо отставкага кетти

Автор: Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 27 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: