Америкада Эрмек Нурбаев оюн өткөрүп, Эрлан Андашев "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" аталды
"Тамашоу" лигасынын негиздөөчүсү, шоумен, алып баруучу Эрмек Нурбаев 27-декабрда АКШнын Чикаго шаарында кыргыздардын башын бириктирген интеллектуалдык оюн өткөрдү. Оюнга жалпысынан 15 команда катышып, мыктылары жеңишке жетишкен.

Иш-чарада Америкада эмгектенип, бирок өз тармактарында ийгилик жаратып жүргөн ырчы, спортчу, алып баруучулар жыл мыктысы наамдары менен сыйланышты.
Алардын арасында ырчы мырза Эрлан Андашев дагы бар. Ал "Американын эң мыкты ырчы мырзасы" наамын жеңип алды. Мындай кубанычын ырчы өзүнүн инстаграм баракчасына бөлүшкөн.

"Учурдан пайдаланып Эрмек Нурбаев сага рахмат. Ар бир штатта жашап жаткан мекендештерибиздин башын бириктирип, биринчи жолу ушундай жогорку деңгээлдеги оюнду уюштурганыңа терен ыраазычылык билдиребиз", - деп жазды Андашев.
1410 Америкада Эрлан Андашев "Жылдын эң мыкты ырчы мырзасы" аталды
1410 Өгөй атам зордуктады деген 15 жаштагы кыз психикалык ооруканадан чыгарылды
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















