super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жактырган ырчылары менен чоң сахнада концерт тартуулашты (видео, сүрөт)

 

23-январда "Мен ырдасам - мен жашайм" аталышындагы концерт Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан келген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана Кыргыз эстрада жылдыздары катышты.

Концертке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева, ырчылар Алмаз Шаадаев, Роза Шакирова, Дайыр Исмадияров, Нурмат Садыров, Айнура Салахидинова, Иляз Абдразаков, Кызсайкал Кабылова, Адилет Акай, куудул Гүлжайна Атаканова, "Эксклюзив" бийчилер тобу жана башка көптөгөн эстрада ырчылары катышты.

Белгилүү ырчылар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени менен таланты, кыялы, тилеги жагынан чектелбеген аракетчил, өжөр балдар менен чогуу номерлерди аткарышып келген коноктордун купулуна толуп жатышты. Бул кечеге таланттуу балдардын жакындары жана сахна толгон эл келип, алардын колдоосу менен эң жакшы маанайда өттү.

Концертти "Эне эмгеги" фонду уюштурган. Фонддун жетекчисинин айтымында, концерттен түшкөн каражат ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын гастролдук концертине жумшалат.


кошулду





"Мен ырдасам-мен жашайм". Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жактырган ырчылары менен чоң сахнада

"Мен ырдасам мен жашайм"

"Мен ырдасам мен жашайм" аталыштагы кайрымдуулук концерти болуп өттү

Автор: Гүлдана Мамадали кызы
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.01.2021. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтар
24.01.2021. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйла кунулдору которулуп калдыда,тез тез барып ырдап турунуздар.
24.01.2021. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алла ыраазы болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: