"Колунда жашы жете элек балдары бар". Бишкек шаардык соту Камчы Көлбаев боюнча маалымат таратты
Бишкек шаардык соту кримтөбөл Камчы Көлбаев эмне себептен эркиндикке чыгарылганы боюнча маалымат таратты.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Камчы Көлбаевдин туруктуу жашаган жери жана колунда жашы жете элек балдары бар. Ошондой эле сотко шектүүнүн тергөөдөн жашыра турган же тергөө ишине тоскоолдук кылуу ниетин көрсөткөн далилдер келтирилген эмес", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Камчы Көлбаев кечээ, 2-мартта Бишкек шаардык соту тарабынан эркиндикке чыккан. Ал эми УКМК Камчы Көлбаев келтирилген чыгымдын суммасы 250 миллион сомдон ашык болгонун шектүүнүн туугандары депозиттик эсепке 49 миллион 600 миң сом которушканын билдирген.
Эске салсак, крим авторитет Камчы Көлбаев 2020-жылдын 22-октябрында кармалган. Ал 23-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары жүрүп жаткан учурда УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.
Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кийин, 2-ноябрда №47 абакка которулган. Кечээ, 2-мартта ал эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде эркиндикке чыкты.
Соңку кабарлар: Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалышы мүмкүн



Бииииир жылдары да бир ошондой аптартетту адамды чыгара коюшуп ажобуз баш болуп бирин бири тартып кирип кетишти эле