"Кыргыз Туусу" басма үйүнө жаңы жетекчи дайындалды
"Кыргыз Туусу" басма үйүнүн директору-башкы редактору болуп Мырзакат Тыналиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Буга чейин аталган жайды Эрнис Балбаков жетектеп, бирок ал 16-февралда кызматтан алынган.
Мырзакат Тыналиев басылманын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















