Бишкекте курулуп жаткан 20 мектептин иштери талкууланды
Бүгүн, 11-августта Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкекте президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Жыйынга подрядчы уюмдардын жана министрликтин тиешелүү департаменттеринин өкүлдөрү катышты. Анда ар бир объект боюнча аткарылган иштер, курулуштун темпи жана алдыдагы иштердин көлөмү каралды.
Белгилей кетсек, жыл башында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен окуучулардын саны көп болгон Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жалпы 36 мектеп куруу милдети коюлган. Анын алкагында Бишкекте 20 мектептин курулушу 2026-жылдын февраль–март айларында башталган.
Учурда мектептердин курулушу соңку этапка келип, сырткы жасалгалоо жана инженердик тармактарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Министр курулуштун жүрүшү тууралуу күн сайын так маалымат берилип, аткарылган иштер боюнча фото жана видео отчёттор кечиктирилбестен жөнөтүлүшү керектигин белгиледи.
Ошондой эле тиешелүү департаменттерге курулуштун сапатын, долбоордук талаптардын жана коопсуздук эрежелеринин сакталышын күн сайын көзөмөлдөө тапшырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















