Чек ара боюнча чаташкан маалыматтар. "Өкүлчүлүк Кайтпас өткөрүү пункту боюнча так маалымат берсин" дейт жергиликтүү тургун
Кечээ, 14-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы Өзбекстандын Сох анклавына коридор берилет деген маалымат туура эмес экенин айтып, билдирүү тараткан. Өкүлчүлүктүн маалыматында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кайтпас көзөмөл өткөрүү жайын кайра ачуу, жандантуу макулдашылганы тууралуу маалымдалат.
"Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартип менен документтери текшерилип, катталуу менен өтөт. Өзбекстан Республикасынын жарандары Кыргыз өлкөсүнө Кайтпас өткөрүү жайы аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргыз өлкөсү аркылуу жүрүп, Өтүкчү көзөмөл өткөрүү жайынан кайрадан текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.
Дал ошол Кайтпас өткөрүү пункту ачылса, жергиликтүүлөр туңгуюкка кептеле турганын Бирлик айылдык кеңешинин депутаты Садыкбек Каламов SUPER.KG порталына айтып берди. Анын айтымында, өкүлчүлүктүн өткөрмө пункт пандемияга байланыштуу жабылган деп тараткан маалыматы туура эмес жана бул окуя тээ 2013-жылга барып такалат. Ошол жылдардагы Сох окуясы Баткен элин дүрбөлөңгө салып, жыйынтыгында Кайтпас өткөрүү жолу жабылган.
"Баткендеги өкмөт өкүлчүлүгү Кайтпас көзөмөл өткөрүү пункту пандемияга байланыштуу жабылган деп маалымат таратып жатат. Мен жергиликтүү тургунмун, 2013-жылы бул пункт жабылган. Андагы окуяга кайрыла турган болсок, ошол жылы коңшу Өзбекстандын Сох районунун тургундары Баткен тургундарын Сох районунун Ушар деген айылында кармап, барымтага алышкан.
Бул окуяда Сох анклавынын тургундары Кыргыз тараптын 20дан ашуун жаранын барымтага алып, унааларын талкалап салган. Мындан улам биз тарап да бул окуяга нааразы болуп, Чечме постуна топтолгон. Алар да өзбек тарапка каршылык көрсөтүп, коңшу тараптын унааларын тосушкан. Бирок ал тосуудан биз тарап олуттуу мыйзам бузган эмес. Бул чыр бийликке жетип, анын негизинде эки мамлекеттин башчылары жолугушкан. Мындагы чырдагы сүйлөшүү 1 айга созулган".
Жарандын маалыматына ылайык, ошол маалдагы чырдан Сох районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы камалган. Анткени ал жетекчи бийлик өкүлү болуп туруп, ошол тополоңду уюштурганы айтылган.
"Себеби биз ошол чырда топтолгон элдин катарында болуп жаткан окуялар менен кабардар болуп турганбыз. Алардын тополоңго аралашкан бийлик жетекчилери азыр да абакта болсо керек, анткени биздеги маалымат боюнча, алар камалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Чырдын акыр аягы биздин Кадамжай районунун эли чыгып, Бирлик айыл өкмөтүнүн Айдаркен шаарынын тургундары келип Чечме постунда 1 ай турганбыз. Анткени максатыбыз ошол жолду Кадамжай аркылуу каттатуу болгон. Ошентип аталган өткөрмө пункту жабылган.
Андан кийин Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда 2019-жылы 31-августта жергиликтүү эл менен эч кандай макулдашуу жок эле ошол өткөрмө пунктун биздин бийлик тымызын ачып жиберген. Буга нааразы болгон жергиликтүү тургундар бийликке кайрылуу катын жолдогонбуз. Анда биз жол мыйзамсыз ачылганын айтканбыз. Анткени ал жерди чек арадагы жер тилкелери такталмайын ачуу негизи эле мүмкүн эмес.
Кайрылуунун негизинде, ачылган жол кайра жабылган. Андан кийин 2020-жылдары унаа такыр ал жолдон өтпөй, жөн гана жөө жүргүнчүлөр өтүүгө урусат берилген. Ал эми кечээ өкмөт өкүлчүлүгү бул тууралуу жол пандемияга байланыштуу жабылганын айтып, маалымат таратты. Эч кандай жол пандемияга байланыштуу жабылган эмес. Балким, жөө жүргүнчүлөр өтчү жол жабылгандыр, бирок техника каттаган чоң жол илгери эле жабык болчу.
Азыр өкмөт ачылат деген жол биздин жол. Албетте, буга биздин Айдаркен өрөөнүнүн элдери караманча каршы. Себеби биз бардык жактан анда туткунда калабыз. Андан сырткары алардын унаалары биздин жолду талкалап салган, жол жараксыз абалга кептелген. Бул албетте мамлекетке бир топ чыгашаларды алып келет.
Албетте, биз коңшу тарап менен ынтымактуу жашоону каалайбыз. Бирок булар биздин чек арага бастырып келип, жерлерибизди басып алганы үчүн бул өткөрмө пунктун ачылуусуна каршыбыз. Ошондуктан биздин чек аралар чечилип, ал жерлер тосулмайынча каршы боло беребиз. Бийлик элди укпай эле маселени чечип коюп жатат, алар жергиликтүүлөрдү укпаса, маселени кайдан билет?
Бул тууралуу биз бийликке кайрылып, кат жазып эле жатабыз, бирок жарытылуу жооп болбой жатат. Көп жерлерибизди мыйзамсыз 1999-жылдары бир тараптуу тосуп алышкан жана дагы эле кол салышып көз артып тополоң чыгарышып, адам өлүмүнө чейин алып барышууда. Ошондуктан чырды дагы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт , чек аралар тосулмайынча жол маселесин чечпей туруу зарыл", - деди Каламов.
13-мартта өлкө башчы Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасап, анда Өзбекстан тарап Үңкүр-Тоо аймагын Кыргыз өлкөсүнө берүүгө, ал эми Кыргыз тарап Сох анклавына транспорттук жана аба каттамдарын ачууга даяр экенин билдирген. Бул билдирүү интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынган.
Кийинчерээк бул маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, анын ордуна Галина Байтеректин башка билдирүүсү жарыяланды. Анда Өзбекстан тарап Кыргыз өлкөсүнөн Үңкүр-Тоо аймагын талап кылбай турганы белгиленип, өз кезегинде Кыргыз өлкөсү Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамын ачууга даяр экени айтылган.
Бишкекте чек ара чырына байланыштуу митинг өттү


