super.kg logo

Айзаданын апасы: "Тергөөчүлөр кызыңыз күйөөгө тийген турбайбы, той жейсиңер" деп айткан

 

SUPER.KG порталына ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасы кызы тууралуу айтып берди. Апасынын айтымында, кыз бала менен Инстаграм аркылуу таанышкан.

"Ал бала кызымдын артынан ээрчип жүрчү экен, болбойт, жок дегенге көнбөй жатат деп көп айтчу. Кызым экөөбүз шаарда иштеп батирде турчубуз. Кызымдын өлүмүнө милициялардын шалаакылыгы түрткү болду. Биз аларга бардык далилдерди бери жатканыбызга карабай, "кызыңыз күйөөгө тийген турбайбы, той жейсиңер" деп тергөөчүлөр шылдыңдап, бул маселени олуттуу караган эмес", - деп билдирди апасы.

Ошондой эле апасы кызы бир жума аралыгында Түркияга учуп кетмек болгонун айтып, билеттин жарым акчасын ушул жума төлөөгө камданып жүргөнүн кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны ала качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Бул окуядан кийин милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болгон эл ИИМдин алдына митингге чыгышып, ички иштер министринин отставкасын талап кылышты.






"Кызым мага "апа, сизге ар дайым жөлөкмүн" деп айтып турчу" дейт Айзаданын апасы

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.04.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Той жейсинер деген тергоочу ишинен кетсин!!!
09.04.2021. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинен кетсе кийин кайра даны жумушка орношуп алат адамдар бираз унутса катуу жаза беруу кк бир адамдын омуру кыйылды конулкоштуктун айынан угаар замат тез чара коргондо балким олбой калмак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: