super.kg logo

Ташчайнар каймана аты менен белгилүү балбан алдамчылыкка шектелүүдө. Ал мындай айыптоону четке кагат

 

"Ташчайнар" каймана аты менен таанымал болгон балбан Нурлан Алишеров алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу жабырлануучу делинген тараптын жактоочусу Памир Суранбаев тарабынан белгилүү болду. Жактоочунун айтымында, 16-апрелде бул иш боюнча Биринчи Май райондук сотунда алгачкы соттук отурум болот.

"Жабырлануучунун аты Каныкей. Ал мындан 2 жыл мурда АКШга виза алмакчы болуп, Нурлан Алишеров менен келишим түзгөн. Анда визаны 15 миң долларга баалап, каражаттын жарымын, тагыраагы, 7 жарым миң долларды Нурлан Алишеров тил каттын негизинде алган. Акчанын калган бөлүгүн виза толук бүтүп, колуна тийгенде алмакчы болуп эки жак келишим түзгөн. Бирок виза ошол бойдон берилген эмес. Жабырлануучу 2019-жылы укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, тергөөчүлөр ишти карабай коюшкан. Мен бул иш боюнча эки жолу Башкы прокуратурага кайрылып, иш кайрадан кароого алынып, сотко өттү. 16-апрелде биринчи отурум болот", - деди жактоочу.

Бул билдирүүдөн кийин Алишер Нурлановго байланышканыбызда соттук отурум тууралуу кабары жок экенин айтты.

"Менин үстүмдөн арыз жазылганы чын. Бирок бул жалган жалаа, мен бир сом дагы алган эмесмин. Далилдерим бар", - дейт ал.

Нурлан Алишеров окуянын чоо-жайын соттук процесстен кийин кеңири айтып берерин белгиледи.

Биринчи Май райондук соту бул иш боюнча процесс 16-апрель күнү саат 15:00гө дайындалган деп билдирди.






Белгилүү балбан алдамчылыкка шектелүүдө. Ал мындай айыптоону четке кагат

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Ырыскелди Салбаров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
09.04.2021. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Конгантиевди кандай сабаган элең. Эми энеңди үч коргондон көрөсүң го дейм.
09.04.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bessmertiy,неге сабады эле?
09.04.2021. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УФ бизде жашоо качан онолот
09.04.2021. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Конгайтиев талас элин чым баскандай басам деп барып басылып келген
09.04.2021. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
zam81,Крнгатиевди сабагандардын кобу жок болуп кетишкен дешетко?
10.04.2021. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zam81,Конгантиевти сабагандар,активный мародерлор бугунку кундо Кудайдан таап олоюн деп жатышат. М:Ташчайнар кунуно он пачка дары ички. Кудайдын таразасы туз экен. Аллаху Акбар. Озуно шугур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: