"Ак шумкарлардын" Палестина курама командасы менен болгон оюнундагы сүрөттөр (+видео)














Кечээ, 2-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргыз курама командасы "Үч улут Кубогунун" алкагында Палестина курама командасы менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңишке жетти.
Оюнга жалпы 14 миң 500гө жакын күйөрман келип, "Ак шумкарларды" укмуштуудай сүрөп турушту. Бул оюндарга башкы машыктыруучу Александр Крестинин негизинен жаш футболчуларга басым жасап, улуттук курама командага жалпы 10 жаңы футболчуну чакырган.
Беттештеги жалгыз голду улуттук курама командада дебют жасаган Азим Азаров биринчи бөлүктүн 25-мүнөтүндө жаратты.
"Үч улут Кубогунун" алкагында Кыргыз курамасы кийинки оюнун 7-сентябрь күнү Бангладеш курамасына каршы өткөрөт.
Кыргыз өлкөсү Палестина курамасын 1:0 эсебинде утту
Автор: Азат Бейшенбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.