super.kg logo

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунун студенти өз жанын кыйды

 

12-ноябрь күнү болжол менен саат 21.00дөр чамасында Ленин РИИБине  Жал кичи районунда  жайгашкан №42-жатаканын 6-кабатынан 20 жаштагы түрк жаранынын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда 1993-жылы туулган Мехмед аттуу түрк жараны өз өмүрүнө кол салган. Ал Бишкек шаарындагы  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин даярдоо курсунун студенти болчу.  

 

Жанында бирге жашаган курсташтарынын айтымында, саат 19.30дар чамасында Мехмед жуунуучу бөлмөгө кирип кеткен. Ал көпкө жоголуп кеткендиктен, аны менен бирге  жашаган балдар жуунуучу бөлмөгө киришкенде Мехмеддин  мойнуна жип байланып жерде  жаткан абалында  көрүшкөн”,- дейт Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынын инспектору Олжобай Казабаев.

 

Ал эми жогоруда аталган окуу  жайдын жатаканасынын жетекчилиги окуянын  болгонун  тастыктап, түрк жараны Кыргызстанга быйыл келип,  окуп жүргөнүн билдиришти.

   

Учурда  бул  факты боюнча тергөө амалдары  жүрүп жатат.


кошулду





Жатаканада студенттин жансыз денеси табылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
SUPER.KG видео
13.11.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jaman boluptur((( Ekspertizanyn chechimi chykkanda bizge da bildirip koigula.
SUPER.KG видео
13.11.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне себептен? Бир жаман нерсе болгон,анан ал оз жанын кыйган.
SUPER.KG видео
13.11.2013. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AZIK01, коз ачык окшойсуз..
SUPER.KG видео
14.11.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле бала экен.атаэнесине не деп айтышат болду экен?бироо жарым кысымга алды бекен оз омуруно кол салгыдай.
SUPER.KG видео
15.11.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
med ekspertizanyn jyiyntygy chykpayt kyrgysztanda ech kachan. tergoo ishteri jurup jatat dey berishet birok jyiyntyk jok. kishi kolduu bolup olturulgon Bakyt Bukaevtin kylmyshkerin tappay jatkandan kiyin... al ozun ozu olturgon dep kala berishet. kechirester oroy jazsam menin jeke oyum bul!
SUPER.KG видео
15.11.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bizdin olkodo adilettuuluk jok !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: