super.kg logo

"Министрлер кабинетинин, БШКнын толук курамы отставкага кетишин талап кылабыз" дейт Бактыбек Калмаматов

 

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партия лидерлери жана өкүлдөрү бүгүн, 29-ноябрда БШКнын алдына митингге чыгышты. Нааразы болгондор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.


"Азаттык" партиясынан талапкер Бактыбек Калмаматов шайлоонун алдын ала жыйынтыктары таптакыр эле башка болгондугуна байланыштуу митингге чыгышканын белгиледи.

"Кечээ берген алдын ала жыйынтык менен бүгүнкү жыйынтык таптакыр эле эки башка болуп калды. Биринчи жыйынтык боюнча 10 партия өтсө, 2 жыйынтыкта 6 эле партия өтүп, 4 оппозициялык партия өтпөй калды. Биз БШКнын толук курамы, министрлер кабинети дагы толук курамы менен отставкага кетишин талап кылабыз. Кайра шайлоо өткөрүлүшү керек, президент талаптарга жеке өзү жоопкерчилик алышы керек. Анткени өлкө башчы таза шайлоо өткөрүп берем деген. Тилекке каршы, президент айткан жооптуу тараптар шайлоону адилеттүү, таза өткүрүп бере алышкан жок. Айткандарын аткара алышкан жок", - деди Калмаматов.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.

Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи.

Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.

VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.






Шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялар митингге чыгышты

Автор: Айзада Кыдырмышева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.11.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ай ушу баардыгын жадаттынар да.Баарын кетчи, эл озу эле тиричилик кылат силерсиз эле
29.11.2021. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
med1983,Туура айтасын! Баары кетсин тойгозушту булар жонокой элди колдонушуп. Куурчак болбогула буларга туугандар!!!
29.11.2021. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бийликтин троллдору тажатышты, элдин атынан суйлоп. Болбосо бийликти колдогондор болгону бир ууч дакансалар эле.......
29.11.2021. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шайлоо ыплас отту. Шайлоо жыйынтыгы ачык эле бурмаланды. Былтыркыдай ачык акча таратып, ачык добуш сатып алып, форма 2 толтуртуп, ачык админ ресурс колдонулбаганы менен, жег ичинен бутуп жатты баары...

Ал эми шайлоо жыйынтыгын бийлик электрондук урналар аркылуу озгортуп, шайлоо участкаоары жабылгандан кийин туну менен шайлоо бюллетендери подмена болду.

Эми шайлоо бюллетендерин кандай санаган менен пайда жок. Кечээ саналышы керек эле баары.
29.11.2021. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Антирадикал фактың барбы?
29.11.2021. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Факты керекпи?!

Биринчи факт: Бийликтеги чиновниктердин ал же бул партияга тиешеси болбоого тийиш, аларга караштуу партия шайлоого катышпоого тийиш. Бирок "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы Ташиевдин партиясы. Мурунку "Ата-Журт". Партияны бугун Ташиевдин жердеши болгон марионеткасы баштап бара жатат. Аны Кыргызстандын элинин 90%ти тааныбайт да. Бирок шайлоодо женип жатат. Анткени партия артында Ташиев турат. Ташиев канча актанып алдаса да, бул Ташиевдин партиясы.
29.11.2021. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул партия шайлоого катышуу менен шайлоонун легитимдуулугун жокко чыгарып отурат...

Экинчи факт: Талант Мамытов шайлоого катышып жаткан башка талапкерлер сыяктуу эле Жогорку Кенеш торагалыгы кызматын тапшырып, депутаттык мандатын тапшырып, анан гана шайлоого талапкер боло алмак. Бул аны кылган жок. БШК аны шайлоодон четтеткени менен, соттор атайы убакытты созуп туруп, шайлоого 3-5 кун калганда Талант Мамытов талапкер болууга тийиш деп окум чыгарып коюшту.
29.11.2021. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Даже дураку ясно, соттор кимдин буйругун аткарып мындай чечим кабыл алганы. Ак уйдон атайы буйрук тушуп жатса, кайсы сот аны аткарбай кое алат?! Талант Мамытовдун шайлоого катышып, эртен кайра депутат болуп келээри швйлоонун ыпластыгынан бир далил...

Учунчу факт: Жениш Токторбаев деген Ташиевдин досу кантип 9000 добуш ала алганын кантип далилдей аласынар? Обратно далилдоо да кыйын. Анткени бюллетендер алмаштырылган, ким анча добуш бергенин эч ким далилдей да албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: