super.kg logo
  Саясат  

Бир балага 110 сом. Садыр Жапаров социалдык мекемелердеги тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсе көтөрүүнү тапшырды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Чүй облусунун Беловодск айылында жайгашкан Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды. Ал социалдык мекеменин тарбиялануучуларынын тамак-аш, окуу жана жашоо-шарттары менен таанышып, алардын сабактарына катышып, балдар менен баарлашып жана аларга белектерди тапшырды. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысына тарбиялануучулардын чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү. Президент Садыр Жапаров балдарды чеберчилиги жана чыгармачылык иштери үчүн мактап, социалдык мекеменин тарбиялануучусу кийизден жасалган сүрөттөрдүн бирин сатып алды.

Андан соң ал психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин мугалимдери жана тарбиячылары менен жолугушуу өткөрдү.

Президент Садыр Жапаров Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору Акылбек Асановго мекемеге финансылык колдоо иретинде 500 000 сомдук сертификат тапшырды.

Тарбиялануучулардын тамак-ашынын рациону менен таанышуу учурунда Садыр Жапаров балдардын тамак-ашына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. "Күнүмдүк рацион балдардын өнүгүүсүнө, саламаттыгына жана иммунитетине таасир этет. Бизге аларды ар түрдүү, пайдалуу жана толук кандуу тамак-аш менен камсыздоо зарыл", - деди ал.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев республиканын социалдык стационардык мекемелериндеги балдардын тамак-ашына бир күндүк чыгым ар бир балага 110 сомду түзөрүн билдирди.

Садыр Жапаров учурда бөлүнүп жаткан сумма балдардын жана чоңдордун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга зарыл болгон табигый тамактануу ченемдерине жооп бербей турганын белгиледи.

Буга байланыштуу өлкө башчы Кудайберген Базарбаевге ыкчам түрдө өлкөнүн бардык социалдык мекемелеринде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсе көтөрүү боюнча министрлер кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.






Ысык-Атада бир ай мурун жансыз денеси табылган адамдын кызынын кайрылуусу

Автор: Клара Кудайбергенова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: