super.kg logo

"Дааратканада 3 жолу зордуктады, мейманканада зордуктады, милицияда иштейм". Ошто зордукталдым деген кыз эмне үчүн өзү камакка алынды?

 
Сүрөт Адыл Акжол уулунун ютуб каналынан скриншот кылып алынды
Сүрөт Адыл Акжол уулунун ютуб каналынан скриншот кылып алынды

Ошто мурда милиция кызматында иштеп кеткен жаран мени зордуктады деген кыздын иши боюнча тергөө учурунда кыздын зордукталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

"Бул кыздын ушул өңдүү иш боюнча Ош жана Бишкек шаарында бир нече жарандын үстүнөн арыз менен кайрылгандыгы аныкталды. Мындан тышкары, ал өзүн укук коргоо органдарында иштейм деп жалган маалымат таратып жүргөндүгү белгилүү болду. Ага соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында анын акыл-эси жайында, бирок өзүнүн кызыкчылыгы үчүн окуяны бурмалап, оюнан чыгарып айта тургандыгы көрсөтүлгөн", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.

Буга байланыштуу жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кыз өзү кармалды. Ал милициянын лейтенанты болом деп элди алдап келген. Ал интернет тармагына фото-видео кайрылууларын жүктөп жүргөн, Сузак районунун тургуну 19 жаштагы Х. кызы К. экендиги аныкталган.

Х. кызы К. бир нече ирет пайда табуу ниетинде милицияга тигил же бул адамдарды оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген айыптоо менен кайрылган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен арызындагы жагдайлар өз ордун таппай, кылмыштын курамы жок болуп өндүрүштөн кыскартылгандыгына байланыштуу анын аракеттерине туура укуктук баа берүү максатында жыйналган материалдар, 2022-жылдын 3-январында Ош шаардык ИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

2022-жылдын 6-январында Х. кызы К.га карата жалган билдирүү жасагандыгы үчүн чара көрүү жөнүндөгү арыз түшкөндүктөн 2022-жылдын 8-январында жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү кызды сурак учурунда ага карата жеке тинтүү жүргүзүлгөн жана укук коргоо органынын атайын формасын кийген сүрөтү жабыштырылган жасалма күбөлүк алынган.

Ошондой эле 2022-жылдын 2-январында Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө Т.Ш. аттуу жаран дагы арыз менен кайрылып, ал Адыл Акжол уулу аттуу блогер тарабынан “19 жашымда милиция алдап эметти. Бир милиция жардам берем деп 3 жолу эметти, качып кетти. Сот сатылды”, - деген аталыштагы материал чыгаргандыгын, анда Х. кызы К. жалган жалаа жаап, чара көрүүнү суранганын айтып арыз менен кайрылган.

Мындан тышкары ал видеодогу кыздын билдирүүсү бир катар социалдык желелерге тарап, кызуу талкууну жараткан болчу.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын октябрь айында кыз түнкү клубда мурда укук коргоо органдарында иштеп кеткен адам менен таанышып, андан кийин экөө мейманканага баргандыгы кабарланган. Кыздын айтымында, ал анын эркине каршы зордуктаган.

Андан кийин жалган маалымат бергендиги үчүн зордукталды делген кыздын өзү кармалгандыгын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирген.


кошулду





Сокулукта даараткананын ачылышы ким үчүн уюштурулганы белгилүү болду

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
12.01.2022. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жагынан карасан балким милиция өзүнүн артын жабуу үчүн кызды жеткен бузуку кылып көрсөтүп жаткандай.
Экинчи жагынан балким чын эле акча өндүрөм деп көрүнгөн менен жатып, анан сотко берип жүргөндөй.
Эмнеси болсо да, жакшылап териштирип албаса жөн жерден экөөсүнүн бирөөсү камалганы атат.
12.01.2022. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Милиция менен иштешкен үчүн милициямын деп , далайды сындырып жүрөт да
12.01.2022. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алдап бироону куноолоп оной акча табам деп ойлогон бул манкурт.
12.01.2022. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо 2006 ким бул ким экоо бир кызбы.19 жашта дейт го
12.01.2022. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи эле туура эмес нерселер жакшы нерсеге алып барбайт! Эгер милиция алдап атса келечекте кайтып келе турган нерсе бар эгер кыз алдап атса оной акча жакшы нерсеге алып барбайт! Жакшы кыз жат бироо менен мейманканага жана клубка барбайт! Жигиттер, оз жарынарды клубтан издебегиле, жашкы кызды китепканадан издегиле!
13.01.2022. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Monsterbek,китепканага да клубга да барсачы
13.01.2022. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
topi, анда ал актриса))
12.01.2022. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Милиция менен чогуу бироолорду сындырып, анча мынча милицияны ыраазы кылып жургондв анан ортодо бир келишпестик болуп сайрап чыктыда
12.01.2022. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Курулай дооматтан кудай сактасын ушундай бети жокторда бар.
Gulina00 түзөттү 2022-01-12 16:23:07
12.01.2022. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын ушундай кыздардан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: