super.kg logo

1 жаш 8 айлык наристени токмоктогон Гүлмира "аны башы менен дубалды сүздүрүп, кирдин суусун ичиргем" дейт

 
Буга чейин “SUPER KG” маалымат порталынан Бишкек ШИИББинин берген маалыматына ылайык, Бишкекте 1 жаш 8 айлык кыздын катуу токмокко кабылып, шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу кабарлаганбыз. Бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Дубанаева Гүлмира кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Төмөндө Дубанаева Гүлмиранын суракта берген көрсөтмөсү өзгөртүүсүз берилди.
 - Атыңыз ким?
- Дубанаева Гүлмира.
- Кайсы жылы туулгансыз?
- 1978-жылы.
- Бишкекке кайсы жылы келдиңиз?
- 2009-жылы.
- Жолдошуңуз барбы?
- Бар.
- Балдарыңызчы?
- Бар.
- Канча жашта?
- 3 жаш, анан 1 жаш.
- Кайсы жакта жашап жаттыңыз?
- Кызыл-Аскерде.
- Милицияга эмне болуп түштүңүз?
- Кайнимдин кызын ургандыгым үчүн.
- Канча жашта?
- 1 жаш 8 ай.
- Аны эмнеге урдуңуз эле?
- Төшөккө сийип, чыча берет болчу, ошол себептен жиним келип... Балдарым да сийип, чычат. Аларга да жиним келчү, ошол себептен ургам.
- Ал кыз силерде канча убактан бери жашачу?
-1 айдан бери.
- Ал кыз азыр каякта?
- Ооруканада, реанимацияда.
- Диагнозун билесизби?
- Диагнозун азыр билбеймин.
- Кантип сабадыңыз?
- Жерге колум менен түрткөм, башы менен дубалды сүздүргөм, анан тамак ичерде аябай ыйлачу. Көп тамак иччү. А мен ченеп, аздан берчүмүн.
 - Эмне үчүн урганыңызды жана кирдин суусун ичиргениңизди айтып берсеңиз?
- Ошо, сийип-чычканы үчүн ургам. Анан кир жууп отурсам жаныма келди эле, кирдин суусун ичирип койгом.
 - Бул жакта күбөлөр отурат. Алар көрсөтмө берип жатышат. Алардын айтуусу боюнча, сиз 1 жаш 8 айлык кызды кар жааганда тазикке муздак суу толтуруп, ошого отургузуп эшикке чыгарганыңыз чынбы?
- Чын.
- Ушунун баарын эмне себептен кылдыңыз?
- Ошо акча жок болуп жаткан. Батирге акча жетпей жаткан. Көмүргө акча жок болчу. 1500 сом жетпей жаткан. Анан "сенин иниң деле (Мирананын атасын) акча берсин" деп күйөөмө жиним келип уруша кетип, анан ошенткем. 
- Кылмыш кылганыңызды мойнуңузга аласызбы?
- Ооба.
- Өзүңүздүн канча балаңыз бар?
- 2 балам.
- Аларды да ушинтип сабачу белеңиз?
-Урам кээде.
- Аларды да муздак суу куюлган тазикке салчу белеңиз?
-Жок, аларды салчу эмесмин.
- А эмне себептен аны салып, балдарыңызды салчу эмессиз?
- Жиним келген үчүн.
- Мурун соттолгон белеңиз?
- Жок.
- Кылган ишиңизге өкүнөсүзбү?
- Ооба, өкүнөм.
- Каяктын тургунусуз?
- Токтогул.
 Бул окуя тууралуу кененирээк маалымат алып, Мирананын ал абалын билүү максатында анын энеси, Бактыгүл Таштанбековага кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык.
- Мирананын учурдагы абалы кандай?
- 23-ноябрь күнү комага түшкөн. Ошол бойдон өзүнө келе элек болчу. Бүгүн (28-ноябрь) дарыгерден сурасак, кичине колун, оозун кыймылдатып калды деди. Башка эч кандай жылыш жок.
- Маалыматка караганда кызыңыздын биринчи ирет токмоктолушу эмес экен. Буга чейин таяк жегенин билген эмессизби?
- Акыркы жолу 20-ноябрда келип, кийимдерин алмаштырып кеткем. Бирок анда анын денесиндеги көктөрдү жакшы карабай, байкабаптырмын. Көрсө, буга чейин эле уруп жүрүптүр. Бул тууралуу тергөө иштеринин жүрүшүндө уктум. Булар тууралуу анын (Дубанаева Гүлмиранын) 8-класста окуган сиңдиси айтып берди. Сиңдисине “Бул боюнча мага айтып турсаң болбойт беле, чоң кыз экенсиң" десем, "сизге айта албай койдум” дейт.
- Тергөөдө Гүлмира Дубанаева “кайним баласын караганым үчүн 2000 сом бермек. Ал бербей койгондон улам жиним келип сабап салгам” деп айтыптыр го.
- Биз да бул тууралуу кечээ телевидениеден угуп, таң калдык. Жеңем менен эч кандай келишим түзгөн эмеспиз. Ал деле “караганым үчүн акча бересиң, бербесең мен карабаймын” деп айткан эмес. Эгерде айтса, минтип азап тарткычакты кызымды алып, өзүм карабайт белем. 
- Кызыңызды таштап жатканда сиздерди ээрчичү эмес беле?
- Ээрчийт болчу. Бирок биз бардык эле балдар ата-энесин ээрчип ыйлашат деген ойго токтолуп кете берчүбүз.
- Өзүңүз эмне иш кыласыз?
- Күйөөм экөөбүз тең автоунаа жуучу жайда иштейбиз. Ал жер суук болгондуктан, кайнагам “Бул жер суук экен. Кызыңарга суук тиет. Менин аялым эки баланы карап үйдө отурат. Тамак-ашын жеткирип турсаң, эки бала менен чогуу чоңойо берет. Жубайым менен сүйлөшүп көрөйүн, макул болсо үйгө алпар, кантсе да бир тууганбыз го” деген сунушун айткан. Биз болсо адегенде жубайыңыз менен сүйлөшүп көрүңүз, макул болобу, ошого жараша иш кылалы дегенбиз. Эртеси кайнагам чалып, "макул болду, үйгө алып келе бер" дегенинен алпарган элек.
- Дары-дармектерге каражатты кайдан таап жатасыздар?
- Карызга болсо да акча таап, эптеп кызыбызды аман алып калуу максатында болгон аракетибизди жумшап жатабыз.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө. Анын жыйынтыгы кандай болот, маалымдап турабыз.

кошулду





Наристени башы менен дубалды сүздүрүп, кирдин суусун ичирген

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(86)
29.11.2013. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1жаш 8айлык балага кучун чыгарып.........даана акмак го!байкуш кызды элестетип аяп кеттип.суукта эшике муздак сууга салган кандай мерез э!суук тийип курубадыбы.чымчыктай эле жаны бар да!
29.11.2013. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай байкуш наристе,Аллахымдан тилеерим батыраак сакайып кетсин.Тиги акмак аялга соз жок,бул кайтар дуйно дейт.Кооп азап тартат жашоодо
29.11.2013. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koshulam tugandar birok biz kan4alyk tildesek da ke4 emi myndailarga yiman kana bersin kudaiym
29.11.2013. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны жиндиканага алыпарып салыш керек,келесоо мээси жайыда эмес анын жанымда болсо ал аялды, тытып салгым келипкетти.
29.11.2013. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул Аялга жетишбейтго коп еле мындай адамдарды жинди канада жашатыш керек а то ертен камалбай калса дагы бирону майып кылат..
29.11.2013. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жиндиканага жаткырса жоопко тартылбай калат,аны жоопко тартыш керек! Кандай гана мерез аял!
29.11.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деп жазышты деле билбей калдым...Озуно кирдин суусун ичиришпептир...манкурт!!!!
29.11.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр замандын белгилери.Адамдардын айбандан айырмасы жок болуп калат ошол кундору.
SUPER.KG видео
29.11.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмакчылык
29.11.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып салмакмын мен.
SUPER.KG видео
29.11.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жесть. овца полная
29.11.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай акмактын башын кесип итке салып бериш керек. Бироого зар бала болсо бироого кор бала. Акмак айбан ушундай жиним келип жатат. Балага боорум ооруп жатат. Кудайым жазанды берип турмонун тубуно чирип ол.
29.11.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тобоо кылдым, ушундай да акмак болобу, бул адам эмес эле вампир го, кудай сактасын балдарыбызды, мен да балдар кичинесинде ар кимге каратчуумун, азыр ойлоп коркуп кеттим
29.11.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кар жааганда, тазикке муздак суу куйуп сыртта отургузганы эмнеси, айбан экен
29.11.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай желмегуздарга бала бергенче суранып жетпей жаткандарга берсе кудайым.
SUPER.KG видео
29.11.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айбан сени да турмодо ошондой кыйнашса экен,1жаш8айлык бала эмнени билет эле,кирдин суусун ичирдим деп айтып турат бул акмакты энелик укуктан ажыратып омур бою турмодо чиритиш керек.
SUPER.KG видео
29.11.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айбан экенсин озуно кир сууну ичириш керек бул айбанга ким айтат эне деп манкурчулук бул. тообо АЛЛАХЫМ озун сабыр бер. Байкуш бобок жакшы болуп кеттисин.
29.11.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып салыш керек
SUPER.KG видео
29.11.2013. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura aitasyngar,bul musulmanqylyktan ailangan kanqykty aioosuz kangxylata sabasa bolot eken.
SUPER.KG видео
29.11.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип колу барды ушуга.Айбанчылык. Уялбай айтып берип атканын. Лучше олуп калсан болмок. Кудайым жазасын берсе экен АЙБАН.
Модератор admin_media түзөттү 29.11.2013 11:51
SUPER.KG видео
29.11.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш кичинекей кызда эмне куноо
29.11.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба тамакты коп жечуу эле дейсин да тамактын омуру кыска болот ошол тамак бекуноо наристеден да устун келдиби ач коздонуп алып келген тамак ашынан сырткары акча да алгын келген го чамасы.Анын эне атасыда акчаны шыпырып таап аткансып макоо акыры алар алып келген тамак аштан сен Сенин балдарын да жеп жаткандыр ошол ташыган тамак аштын акчасын ОЗУ алып апасы уйдо эле отуруп бакса болмок ач калса да ток калсада кудай деп Эми наристеге жараткан жардамын аябасын копчулуктун тилеги мн айыгып кетсин
SUPER.KG видео
29.11.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул айбан эмес! АЙБАНда мынчалык мыкаачылыкка барбайт!!!! Манкурт, акмак!!!!! Жазанды кудайым берсин!!! Озуно кирдин суусун ичирип, баланы кандай кыйнаса ошондой кыйнаш керек! Акмак!!!! акмак!!!! акмак!!!! акмак!!!!
29.11.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузган билдирүүлөр өчүрүлдү.
Эрежелерди сактаңыздар!
SUPER.KG видео
29.11.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арабызда ар кандай адамдар жашайт экен да эмне кылабыз.
SUPER.KG видео
29.11.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudaiym jazasyn bersin urgan kaldaoru synyp ele kalbaiby ozun baldary da chychyp siiip koiot eken emne uchun ozunun baldaryn sabagan jok??
SUPER.KG видео
29.11.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jurogum oorup ketti korup alyp.ozu dele ene eken bir az sabyrduu bolup kaniet kylysh kerek da
SUPER.KG видео
29.11.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айбан мыкаачы ушуга окшогон эки буттуу жырткычтар коомду ,баккан
балдарынын психикасын бузат ак караны ажырата елек наристеде емне жазык бул акмактан торолгон балдар кандай адам болуп чоноет тообо алаанын мееримине рахмат ушундай адам деп атагыс жанга енелик бакытты берген тообо


SUPER.KG видео
29.11.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылы жок акмак,турмодон чыкпай калгын.
29.11.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
27.11.2013ж берилген маалыматта Гулмира жеенин сабап салган деп жазышкан.29.11.2013ж болсо кайнисинин кызы деп жазышты.Эми Гулмиранын жаш балдары бар,нары кайын агамдын аялы деп козун карабай,каматып салыш керек.Турмодон созсуз оз жазасын алат эки эссе кылып.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: