super.kg logo

1 жаш 8 айлык наристени токмоктогон Гүлмира "аны башы менен дубалды сүздүрүп, кирдин суусун ичиргем" дейт

 
Буга чейин “SUPER KG” маалымат порталынан Бишкек ШИИББинин берген маалыматына ылайык, Бишкекте 1 жаш 8 айлык кыздын катуу токмокко кабылып, шаардык №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу кабарлаганбыз. Бул кылмышка шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну Дубанаева Гүлмира кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Төмөндө Дубанаева Гүлмиранын суракта берген көрсөтмөсү өзгөртүүсүз берилди.
 - Атыңыз ким?
- Дубанаева Гүлмира.
- Кайсы жылы туулгансыз?
- 1978-жылы.
- Бишкекке кайсы жылы келдиңиз?
- 2009-жылы.
- Жолдошуңуз барбы?
- Бар.
- Балдарыңызчы?
- Бар.
- Канча жашта?
- 3 жаш, анан 1 жаш.
- Кайсы жакта жашап жаттыңыз?
- Кызыл-Аскерде.
- Милицияга эмне болуп түштүңүз?
- Кайнимдин кызын ургандыгым үчүн.
- Канча жашта?
- 1 жаш 8 ай.
- Аны эмнеге урдуңуз эле?
- Төшөккө сийип, чыча берет болчу, ошол себептен жиним келип... Балдарым да сийип, чычат. Аларга да жиним келчү, ошол себептен ургам.
- Ал кыз силерде канча убактан бери жашачу?
-1 айдан бери.
- Ал кыз азыр каякта?
- Ооруканада, реанимацияда.
- Диагнозун билесизби?
- Диагнозун азыр билбеймин.
- Кантип сабадыңыз?
- Жерге колум менен түрткөм, башы менен дубалды сүздүргөм, анан тамак ичерде аябай ыйлачу. Көп тамак иччү. А мен ченеп, аздан берчүмүн.
 - Эмне үчүн урганыңызды жана кирдин суусун ичиргениңизди айтып берсеңиз?
- Ошо, сийип-чычканы үчүн ургам. Анан кир жууп отурсам жаныма келди эле, кирдин суусун ичирип койгом.
 - Бул жакта күбөлөр отурат. Алар көрсөтмө берип жатышат. Алардын айтуусу боюнча, сиз 1 жаш 8 айлык кызды кар жааганда тазикке муздак суу толтуруп, ошого отургузуп эшикке чыгарганыңыз чынбы?
- Чын.
- Ушунун баарын эмне себептен кылдыңыз?
- Ошо акча жок болуп жаткан. Батирге акча жетпей жаткан. Көмүргө акча жок болчу. 1500 сом жетпей жаткан. Анан "сенин иниң деле (Мирананын атасын) акча берсин" деп күйөөмө жиним келип уруша кетип, анан ошенткем. 
- Кылмыш кылганыңызды мойнуңузга аласызбы?
- Ооба.
- Өзүңүздүн канча балаңыз бар?
- 2 балам.
- Аларды да ушинтип сабачу белеңиз?
-Урам кээде.
- Аларды да муздак суу куюлган тазикке салчу белеңиз?
-Жок, аларды салчу эмесмин.
- А эмне себептен аны салып, балдарыңызды салчу эмессиз?
- Жиним келген үчүн.
- Мурун соттолгон белеңиз?
- Жок.
- Кылган ишиңизге өкүнөсүзбү?
- Ооба, өкүнөм.
- Каяктын тургунусуз?
- Токтогул.
 Бул окуя тууралуу кененирээк маалымат алып, Мирананын ал абалын билүү максатында анын энеси, Бактыгүл Таштанбековага кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык.
- Мирананын учурдагы абалы кандай?
- 23-ноябрь күнү комага түшкөн. Ошол бойдон өзүнө келе элек болчу. Бүгүн (28-ноябрь) дарыгерден сурасак, кичине колун, оозун кыймылдатып калды деди. Башка эч кандай жылыш жок.
- Маалыматка караганда кызыңыздын биринчи ирет токмоктолушу эмес экен. Буга чейин таяк жегенин билген эмессизби?
- Акыркы жолу 20-ноябрда келип, кийимдерин алмаштырып кеткем. Бирок анда анын денесиндеги көктөрдү жакшы карабай, байкабаптырмын. Көрсө, буга чейин эле уруп жүрүптүр. Бул тууралуу тергөө иштеринин жүрүшүндө уктум. Булар тууралуу анын (Дубанаева Гүлмиранын) 8-класста окуган сиңдиси айтып берди. Сиңдисине “Бул боюнча мага айтып турсаң болбойт беле, чоң кыз экенсиң" десем, "сизге айта албай койдум” дейт.
- Тергөөдө Гүлмира Дубанаева “кайним баласын караганым үчүн 2000 сом бермек. Ал бербей койгондон улам жиним келип сабап салгам” деп айтыптыр го.
- Биз да бул тууралуу кечээ телевидениеден угуп, таң калдык. Жеңем менен эч кандай келишим түзгөн эмеспиз. Ал деле “караганым үчүн акча бересиң, бербесең мен карабаймын” деп айткан эмес. Эгерде айтса, минтип азап тарткычакты кызымды алып, өзүм карабайт белем. 
- Кызыңызды таштап жатканда сиздерди ээрчичү эмес беле?
- Ээрчийт болчу. Бирок биз бардык эле балдар ата-энесин ээрчип ыйлашат деген ойго токтолуп кете берчүбүз.
- Өзүңүз эмне иш кыласыз?
- Күйөөм экөөбүз тең автоунаа жуучу жайда иштейбиз. Ал жер суук болгондуктан, кайнагам “Бул жер суук экен. Кызыңарга суук тиет. Менин аялым эки баланы карап үйдө отурат. Тамак-ашын жеткирип турсаң, эки бала менен чогуу чоңойо берет. Жубайым менен сүйлөшүп көрөйүн, макул болсо үйгө алпар, кантсе да бир тууганбыз го” деген сунушун айткан. Биз болсо адегенде жубайыңыз менен сүйлөшүп көрүңүз, макул болобу, ошого жараша иш кылалы дегенбиз. Эртеси кайнагам чалып, "макул болду, үйгө алып келе бер" дегенинен алпарган элек.
- Дары-дармектерге каражатты кайдан таап жатасыздар?
- Карызга болсо да акча таап, эптеп кызыбызды аман алып калуу максатында болгон аракетибизди жумшап жатабыз.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү жүрүүдө. Анын жыйынтыгы кандай болот, маалымдап турабыз.

кошулду





Наристени башы менен дубалды сүздүрүп, кирдин суусун ичирген

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(86)
28.11.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
айбан го
29.11.2013. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
betman, айбан да баласын мынчалыка жеткирбейт. озун дагы ушундай кылса аздык кылат.
28.11.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канча жылга кесилет болду экен? или кесилбейби?
28.11.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым наристеде не куноо десен?Озу кичинекейинде тошокко сийип-чычпагандай суйлоптур го.Акмак экен.Кызынарды алып кеткиле десе деле алып кетмек ата-энеси,уруп не кылат.
28.11.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai jasalait myndaii adamdardy baaryn karap turat alla taalam. .Bul ene kamalyp ketkende dele Eki balasyna ubalgo
29.11.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuraiym9494, ошо эки баласыда энесиндей болотда какбаштар десе,жаш бала деген ширин болотко,ушундай манкур адамдар азайсакен.
28.11.2013. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки буттуу айбан го ээ. Мен анын ата-энесинин ордунда болсом, озун дубал суздуруп, кирдин суусун чакалап куймакмын оозуна.
28.11.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meesi ordunda emes go, psihuwkaga jiberiw kerek.
28.11.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kantip koly darbu, naristeni yshynbai adalga jetkirip!!! Okyp alup jyrogym oryby, kybaium byiyryp aiugup ketsin,
28.11.2013. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окугум да келген жок, жийиркеничтүү
29.11.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман жийиркендим кандай адамдар балдарды жаман корот экен ээ?
29.11.2013. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарда арданбайлы коооп еле келиндер аялдар балдарын уруп согуп тарбиялашат бополоп эч кол тийгизбей баккандар чанда гана кездешет !!!
29.11.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, А кайсы элде урбайт экен? (кызык болду да)
29.11.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA, сенда ошентип урасынбы баланы сенин колунан да келет окшойт ушундай иш,айтканына караганда, мен баламды козумун карасы мн айланып багам чычып койгон богуда жытуу мен учун билдинби!
29.11.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090, Билдим!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!! Мен сага суйлой элек элем. И сенден сураган жок элем. Билдинби!!!!!!!!!!!! Ал эми менин балдарыма келсек урбай эле жон гана суйлобой,кулбой калганым жетиштуу аларга. Так что не переживай на счет моих детей!!!!!!
29.11.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg, ооба, Кичине май котонго чабып тарбиялайбыз го дечи, булардай( мурунку сандарда да бир уй булоо жонундо жазышты эле го, ушундай сыяктуу) мыкаачылыка неодекватный "адам" гана барса керек
29.11.2013. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш балада эмне куноо,баккысы келбесе жон эле бага албайм деп койбойбу.Адам эмес эле айбандан айырмасы жок турбайбы.
29.11.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жырткыч, адам эмес....ташбоор неме экен..
29.11.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошмааар(( наристеде эмне куно(( тооба кылдым, байкуш кыз Жаратканым озу сактасын((
29.11.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто макулук экенсин да Гулмира. Айбан дегим да келбейт. Анткени айбан да кылбайт бул жорукту!!!!!! Убалы уктатпасын.
29.11.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш кызда эмне куноо! мерээз аял экен
29.11.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyrky ubakta jaw baldardy kordoo koboidu. Myndai aibandan jaman soz da biyik turat.
29.11.2013. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да жаман болуптур гулмира жокчулуктан нерфтен кеткен го дейм ал эми наристеге кааларым узун омур ылайым эле корбогондой болуп жакшы болуп кетсин
turgunbek түзөттү 29.11.2013 01:55
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: