Жалал-Абадда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институнун маалыматында айтылат.
Кабарлангандай, жер титирөө бүгүн, 1-июнда саат 09:21де катталып, очогунда күчү 4,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:00
2026-06-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















