71 жаштагы эне менен кызынын жүрөк ооруткан баяны
Бааркан апа жана кызы Бегайымдын жашоо үчүн күрөшү көпчүлүктүн жүрөгүн оорутат. Бир кезде эмгектенип үй-бүлөсүн баккан Бааркан апа операциядан кийин иштей албай калган. Бүгүнкү күндө “Ош базарынын” четинде жардам сурап отурат.
Ал эми кызы Бегайым бир жыл мурун инсульт алып, ден соолугу начарлап иштебей калган. Азыр апасынын жанында соода кылып, колдон келишинче тиричилик өткөрүүдө. Эне-кыз учурда шарты начар батирде жашап, күнүмдүк турмуштун оор сыноолору менен күрөшүп келишет.
“Апамды көчөгө алып чыгып жакшы баккым келет. Апам бар – бактым бар”,– дейт каарманым көзүнө жаш алып.
Бул видеодо эне-кыздын чыныгы турмушу, үмүтү тууралуу баяндайбыз. Видеону аягына чейин көрүп, пикир калтырып, бөлүшүп коюңуздар.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















