super.kg logo

Швецияда Кыргыз желегин желбиретип жүргөн жаш балбан Харис жана анын атасы менен маек (видео)

 

Чет өлкөдө жашап жүрсө да, Кыргыздын желегин желбиретип, улуттук рухту сактап келе жаткан жаш муундардын бири - Швецияда өскөн 8 жаштагы Харис. Ал жаш курагына карабай күрөш боюнча чоң ийгиликтерге жетип, эл аралык мелдештерде Кыргызстандын атын тааныта баштады.

Анын бул жетишкендиктеринин артында ата-энесинин колдоосу, туура тарбиясы жана мекенге болгон сүйүү турат. SUPER.KG порталынын "Ийгиликке дем берген жаштар" рубрикасынын кезектеги коногу Харис жана анын атасы Адилет Илиясов болмокчу. Алар менен маек куруп, Швециядагы жашоосу, спортко болгон жолу жана келечек пландары тууралуу баарлаштык. Алгач биздин суроолорубузга балбандын атасы Адилет мырза жооп берди.

– Швецияга качан жана кандай себеп менен көчүп бардыңыз?

- Мен 2014-жылы Швецияга көчүп келгем. Негизги максатым - үй-бүлөм үчүн жакшы, туруктуу жашоо шарттарын түзүү болду. Ошол учурда балдарымдын келечеги, алардын билим алышы мен үчүн эң башкы маселе болчу. Ошондуктан жашоо мүмкүнчүлүктөрү кеңири, социалдык жана турмуштук шарттары туруктуу болгон өлкө катары Швецияны тандап, ушул жакка көчүп келгенмин.

– Балаңыздын спортко кызыгуусун биринчи качан байкадыңыз? Канча жашынан бери машыгат? Эмнеге грек-рим күрөшүн тандадыңыздар?

- Башында Харисте спортко болгон өзгөчө кызыгуу же түшүнүк болгон эмес. Ар бир бала сыяктуу эле оюнга көбүрөөк көңүл бурчу. Биз анын ден соолугу чың болуп, тартиптүү өсүшү үчүн спортко акырындык менен кызыктыра баштадык. Үй шартында жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасап, машыгуунун пайдасын түшүндүрүүгө аракет кылдык.

Харис 6 жашынан баштап эркин күрөш менен машыгып баштады. Алгач машыгууга жөн эле барып жүргөнү менен, убакыт өткөн сайын күрөшкө болгон кызыгуусу күчөп, өзүн ушул спорттон көрө баштады. Машыктыруучулары да анын жөндөмүн байкап, келечеги бар экенин айтып келишкен.

2026-жылдын февраль айынан тартып грек-рим күрөшүнө өттү. Бул чечимди машыктыруучулардын кеңеши жана Харистин өзүнүн каалоосу менен кабыл алганбыз. Учурда ал ушул багытта машыгып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп баштады.

– Эми жетишкендиктерин айтып берсеңиз? Балаңыздын эң чоң жеңиши кайсы болду?

- Харис кыска убакыттын ичинде эле бир топ жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүгө жетишти. Ал эркин күрөш боюнча көптөгөн жергиликтүү жана аймактык турнирлерге катышып, бир нече жолу жеңүүчү жана байге ээси болгон. Ар бир мелдеш анын тажрыйбасын арттырып, өзүнө болгон ишенимин бекемдеп келди.

Анын эң маанилүү жетишкендиктеринин бири 2025-жылы өткөн Ярфелла турниринде “Эң мыкты балбан” наамын алышы болду. Бул сыйлык анын эмгегинин жана машыгууларга болгон жоопкерчиликтүү мамилесинин жыйынтыгы деп эсептейм.

Ал эми 2026-жыл Харис үчүн өзгөчө ийгиликтүү жылдардын бири болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча эки эл аралык турнирге катышып, бардык атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, чемпион аталды. Албетте, ар бир жеңиш биз үчүн баалуу, бирок эл аралык деңгээлдеги ушул ийгиликтери анын спорттук карьерасындагы эң чоң жетишкендиктердин бири болуп эсептелет. Уулумдун бул ийгилиги келечектеги чоң жеңиштерине карай жасалган алгачкы майда кадамдары.

– Жеңилген учурларда ага кантип дем берип турасыз? Келечекте уулуңузду кайсы деңгээлде көргүңүз келет?

- Мен уулумду ашыкча мактоодон алысмын. Мен үчүн эң негизгиси анын тартиптүү, эмгекчил жана жөнөкөй болуп өсүшү. Спортто жеңиш да, жеңилүү да болот. Эгер ката кетирсе, аны урушуп же көңүлүн түшүргөндүн ордуна, ошол катадан туура сабак алууга жардам бергенге аракет кылам. Ар бир мелдеш спортчу үчүн тажрыйба экенин түшүндүрөм.

Чынын айтсам, Харис акыркы эки жыл ичинде жеңилип көрө элек. Бирок ага карабай, ар бир жеңиштен кийин дагы көп иштөө керек экенин айтып келем. Анткени спортто жетишкен деңгээлиңди сактап калуу дагы чоң эмгекти талап кылат.

Келечекте уулумду өзүнүн салмагындагы дүйнөдөгү эң күчтүү балбандардын бири катары көргүм келет. Дүйнөлүк жана олимпиадалык деңгээлде Кыргызстандын намысын коргоп, мамлекеттик туубузду бийик көтөргөн спортчу болот деп ишенем. Эң башкысы ден соолугу чың, тарбиялуу жана мекенин сүйгөн инсан болуп чоңойсо дейм.

- Чет өлкөдө жашап жатып мелдештерде уулуңуз Кыргызстандын туусун көтөрүп, ак калпагын кийип чыгат экен. Бул көпчүлүккө сыймык тартуулайт. Кыргыздын улуттук баалуулуктарын кантип сактап келесиздер?

- Рахмат. Биз үчүн бул абдан маанилүү маселе. Чет өлкөдө жашасак да, балдарыбыз өзүнүн улутун, тилин жана тарыхын унутпай чоңоюшу керек деп эсептейбиз. Ошондуктан үйдө негизинен кыргызча сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кыргыздын каада-салттарын, үрп-адаттарын үйрөтүп келебиз.

Мелдештерде Харистин Кыргызстандын туусун көтөрүп, ак калпак кийип чыгышы жөн гана символ эмес. Бул анын өз элине болгон сый-урматынын жана ким экенин унутпаганынын белгиси. Биз балдарыбызга кайсы өлкөдө жашабасын, өзүнүн тамырын билүү жана аны сыйлоо чоң баалуулук экенин айтып турушубуз кажет.

Бул арада 8 жаштагы Харис балбанды кепке тартты.

– Кыргыз балбандарынан жана дүйнөлүк балбандардан кимдерди кумир көрөсүң?

- Менин кумирлерим Кыргыз балбандарынан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Раззак Бейшекеев. Алардын күрөшүн көргөндү жакшы көрөм. Алар күчтүү, эмгекчил жана мамлекетибиздин намысын дүйнөгө таанытып жүрүшөт. Мен дагы келечекте алардай балбан болгум келет. Дүйнөлүк балбандардан Аниуар Гедуевди жактырам.

– Бир жумада канча жолу машыгасың?

- Мен жумасына үч жолу спорт залда машыгам. Андан тышкары, төрт күн үйдө кошумча машыгууларды жасайм. Жалпысынан дээрлик күн сайын машыгууга убакыт бөлөм. Спортту абдан жакшы көрөм жана дайыма күчтүү болууга аракет кылам.

– Окууңа машыгуулар жолтоо болбойбу, программага жетишип жатасыңбы? Классташтарың, мугалимдер кандай кабыл алат?

- Машыгууларым окуума тоскоол болбойт. Сабактарыма өз убагында даярданып, мектеп программасына жетишип жатам. Классташтарым жана мугалимдерим мага жакшы мамиле кылышат. Менин спорттогу жетишкендиктеримди азырынча көпчүлүгү биле беришпейт. Мен үчүн окуу дагы, спорт дагы бирдей маанилүү.

– Машыгуудан тышкары бош убактыңда эмне менен алектенесиң?

- Бош убактымда үй-бүлөм менен убакыт өткөрөм. Ошондой эле футбол ойногонду жана сууда сүзгөндү жакшы көрөм.

– Келечектеги максатың кандай?

Менин эң чоң максатым — Олимпиадада жеңишке жетип, Кыргызстандын гимнин жаңыртуу. Ошол максатка жетүү үчүн азыртадан эле тынымсыз машыгып, өзүмдү өнүктүрүп жатам. Келечекте Кыргызстандын атынан чыгып, дүйнөлүк жеңиштерди алып келем деген ойлорум бар.

- Маек үчүн Адилет мырза сизге жана уулуңузга ыраазычылык билдиребиз! Харистин келечекте улут намысын бербеген, чыгаан уул, кыргызды дүйнөгө тааныткан балбан болушуна тилектешпиз.





8 жаштагы кыргыз балбаны Харистин мелдештери

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: