Өлкөдө мамлекеттик дарыканаларды ачуу сунушталды
Өлкөдө мамлекеттик дарыканаларды ачуу сунушталды. Демилгени Саламаттыкты сактоо министрлиги көтөргөн. Бул тууралуу аталган министрликтин жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин бүгүнкү, 14-сентябрдагы жыйынында айтты.
Анын арты менен дары-дармек менен камсыздап, анын баасын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк жаралат.
Белгилүү болгондой, учурда өлкөдө социалдык аптекалар иштеп жатат. Министрдин айтымында, социалдык дарыкана Ош жана Жалал-Абадда гана иштейт.
Мамлекеттик дарыканаларды ачуу сунушу былтыркы жылы да көтөрүлгөн болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:30
2026-06-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















