Бүгүн Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуларга белек беришти
"Ала-Тоо" аянтында жөө жүргүнчүлөр үчүн Жаңы жылдык маанай дароо байкалат. Бүгүнтөн баштап айдоочулар да бул көрүнүштөргө күбө боло башташты.

"Ала-Тоо" аянтында жөө жүргүнчүлөр үчүн Жаңы жылдык маанай дароо байкалат. Бүгүнтөн баштап айдоочулар да бул көрүнүштөргө күбө боло башташты.

"Ала-Тоо" аянтына Жаңы жылга карата жасалгаланган унаада келген МАИ кызматкерлери келип, жол эржесин бузган айдоочуларды токтотуп, белек беришти.

МАИ кызматкерлеринин унаасынан Аяз ата менен Аяз кыз ээрчише түшүп, жол жээгинен орун алышты.

Айдоочулар бул белектердин күтүүсүз болгонун айтып, Жаңы жылы менен куттуктаган МАИ кызматкерлерине ыраазычылык билдирип жатышты.

Аяз ата менен Аяз кыз күнүнө жол эрежесин бузган 200 айдоочуну Жаңы жылы менен куттуктайт.

Бишкек ШИИБинин инспектору, милициянын майору Оторов Тилек "Бул саамалыкты жыл сайын айдоочулар жол эрежесин бузбоосу керектигин жеткирүү үчүн уюштурабыз" деди.
Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуларга белек беришти. Тактап айтканда, Аяз ата менен Аяз кызды жанына алышкан МАИ кызматкерлери жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, аларга ачкычка иле турган брелокторду белек кылышты.
Аталган иш-чара тууралуу Бишкек ШИИБинин инспектору, милициянын майору Оторов Тилек "Бул саамалыкты жыл сайын айдоочулар жол эрежесин бузбоосу керектигин жеткирүү үчүн уюштурабыз" деп билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн “Ала-Тоо” аянтынан старт алган бул иш-чара 31-декабрга чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарында уланмакчы.
МАИ кызматкерлеринен айдоочуларга сюрприз!
Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
-2