Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болуусу күтүлүүдө
ӨКМ Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал күтүлөрүн билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда аталган министрликтен билдиришти.
Гидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө электр чубалгыларынан жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:15
2026-11-25
19:57
2026-11-25
13:31
2026-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















