Футбол боюнча Кыргызстан өспүрүмдөр курама командасы “Өнүктүрүү кубогунун” алгачкы беттешинде утулду
Кечээ, 19-январда 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы “Өнүктүрүү кубогу” Эл аралык мелдешинде алгачкы оюнун өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңилди. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5-ирет уюшулуп жаткан мелдеш алкагында кыргызстандык футболчулар Литва курама командасы менен кез келип, 1:0 эсебинде жеңилүүгө мажбур болушту.
Эске салсак, Минск шаарында өтүп жаткан мелдеш 26-январга чейин созулат. “А” тайпасында кыргызстандык футболчулар эми Украина менен оюн өткөрөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2026-06-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















