Жоламан Шаршенбеков баш болгон балбандар эл аралык турнирге катышат
Монголиянын Улан-Батор шаарында 3–8-июнь күндөрү күрөш боюнча “Open Ulaanbaatar” эл аралык рейтингдик мелдеши өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Аталган мелдешке Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча улуттук курама командалары катышат.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын курамы:
- Акыл Сулайманов, 60 килограммга чейин;
- Жоламан Шаршенбеков, 63 килограммга чейин;
- Амантур Исмаилов, 72 килограммга чейин;
- Жантөрө Мырзалиев, 72 килограммга чейин;
- Аманат Самат уулу, 72 килограммга чейин;
- Бекзат Орункул уулу, 77 килограммга чейин;
- Имур Темирбеков, 82 килограммга чейин;
- Азат Салидинов, 87 килограммга чейин.
- Арсен Эралиев – улук машыктыруучу,
- Улук Карачолоков – башкы машыктыруучу.
Эркин күрөшү боюнча улуттук кураманын тизмеси:
- Өмүрбек Асан уулу, 61 килограммга чейин;
- Аден Сакыбаев, 70 килограммга чейин;
- Рустам Кахаров, 70 килограммга чейин;
- Бекзат Рахимов, 79 килограммга чейин;
- Малик Шаваев, 86 килограммга чейин.
- Эламан Догдурбек уулу – улук машыктыруучу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















