Депутат парламентте кичи райондордогу жолдор тууралуу маселе көтөрдү
Жогорку Кеңештин 21-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектин кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү суранды.
Эл өкүлү билдиргендей, бул маселе боюнча тургундардан кайрылуулар түшүп жатат.
"Көп кабаттуу үйлөрдүн арасындагы жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү суранам. Эгер керек болсо республикалык бюджеттен каражат бөлүнсө. 5-кичи райондогу жолдордун абалын карап көрүңүздөр, башка кичи райондордогу абал деле ушундай. Эл "бизди унутуп калышкан сыяктуу" деп жазып жатышат",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















