"Ак шумкарлардын" Кения менен боло турган беттеши токтотулду
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен Кениянын ортосунда 3-июнга белгиленген беттеш өтпөйт.
Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, "Үч улуттун кубогу" эл аралык мелдешинин алкагындагы оюн Кениядагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу жокко чыгарылды.
Буга байланыштуу Кыргызстандын улуттук курама командасы июнь айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында Палестина курама командасы менен 6-жана 9-июнда эки беттеш өткөрөт.
Ошондой эле Кенияга каршы оюн үчүн сатылып алынган билеттер автоматтык түрдө 6-июндагы Палестинага каршы беттешке жарактуу болот. Каалоочулар 1-3-июнь күндөрү билеттин акчасын кайтарып ала алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















