Оштун мэри көчө тазалагандар 15 миң айлыкка иштеп жатышканын айтты (видео)
Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасынын көчө шыпыруучулары, "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери айына 15-16 миң айлык алып иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ош шаарынын мэри Жанар Акаев шаардык кеңештин сессиясында билдирди.
Калаа башчысы бул айлык учурда эч нерсеге жетпестигин белгилеп, алардын маянасын 30 миң сомго чейин көтөрүп берүү сунушун берди.
Депутаттар бул демилгени колдоп, карап чыгышарын билдиришти.
Оштун мэри көчө тазалагандар 15 миң айлыкка иштеп жатышканын айтты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















