super.kg logo

Иран сүйлөшүүгө баруу үчүн АКШга негизги үч талапты койду 

 

Иран АКШга сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн негизги үч талапты койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анда жазылган маалыматтар боюнча, Иран бийлиги АКШ төмөнкү үч талапты аткарса согушту токтотууга макул.

  • Согуш кайра башталбай турганына кепилдик берүү,
  • Өлкөнүн толук ядролук отун циклын колдонуу укугун таануу,
  • Келтирилген зыян үчүн компенсация төлөө.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.

Израил менен АКШнын жасаган соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. Ал эми Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун акыркы маалыматы боюнча, Иранда АКШ менен Израилдин чабуулунан 1200дөн ашык адам каза болгон.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: