WhatsApp мессенжери ата-энелер үчүн жаңы функция киргизет
Meta компаниясына таандык WhatsApp мессенжери ата-энелер үчүн жаңы функцияны иштеп чыгууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка ылайык, эми WhatsApp мессенжеринде 13 жашка чейинки колдонуучулар үчүн ата-энелер тарабынан башкарылган балдар аккаунттары түзүлөт.
Мындай мүмкүнчүлүк аркылуу жашы жете элек колдонуучулардын мессенжерлери ата-энелери тарабынан башкарылып, кимдер байланыша аларын жана бала кайсы топторго кирсе болорун чечишет. Бирок жеке кат алышуулардын мазмунун аккаунт ээси гана окуй алат.
Учурда бул функция иштеп чыгуу баскычында турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















