super.kg logo

"Крокус Сити Холлдогу" жардырууда аман калган киши өз жанын кыйды 

 

Орусиянын Москва шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан аман калган киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышты.

Андагы маалымат боюнча, өзүнө кол салган жаран кол салуу учурунда жаракат алып, узак убакыт бою дарылануудан өткөн. Бирок кийин психикалык көйгөйлөргө туш болуп, уйкусу бузулуп, оор абалдан чыга алган эмес. Акыры ал өз өмүрүнө кол салган.

Психологдор жабырлануучулардын көбүндө тынчсыздануу жана депрессия менен коштолгон психикалык бузулуу бар экенин айтышкан. Окуяга күбө болгондор азыркыга чейин психикалык жактан жабыркап, кеминде 100 адам психологдордун жардамы менен реабилитациядан өтүп жатат.

Бүгүн, 12-мартта Экинчи батыш аймактык аскердик соту "Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча айыпталгандарга өкүм чыгарат. Бул иш боюнча жалпысынан 19 адамга кылмыш иши козголгон. Айыптоочу тарап алардын 15ине өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын, ал эми дагы төртөөнө 20-22 жылдан ашык жаза берүүнү суранууда.

Эске салсак, аталган жайдагы эң ири теракт 2024-жылдын 22-мартында болгон. Анда куралчан адамдар залга кирип келип, жарандарга ок чыгарып, имаратты өрттөп кетишкен. Ал эми теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, 551 адам жаракат алган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: