Орусия Азербайжан аркылуу Иранга гуманитардык жардам жөнөтөт
Орусия Азербайжан аркылуу Иранга 13 тоннадан ашык гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.
Андагы маалымат боюнча, аталган гумжардам атайын аскердик учак менен Азербайжанга жеткирилип, кийинчерээк Ирандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.
Гуманитардык жардам Орусиянын президенти Владимир Путиндин көрсөтмөсү жана өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренковдун тапшырмасы менен жөнөтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















