Бишкекте баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды
Бишкекте баңгизат каражаттарын сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга белгисиз жаран күчтүү таасир этүүчү заттарды сатып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан 1995-жылы туулган Ж.О. аттуу жаранды кармалды. Анын баңгизат сатып жүргөнү аныкталды.
Кармалган учурда анын жанынан өзгөчө жыты бар кара түстөгү зат табылып, алынган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:23
2026-08-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















